Акыркы макалалар

Тоо-кен тармагында алтын иштеткен компаниялар мыйзамды бузуп жатат

Жалал-Абад облусундагы тоо-кен иштетүү тармагындагы алтын өндүрүү компаниялары КРнын мыйзамдарын одоно түрдө бузуп иштетип жатат. Тактап айтканда, мекемелер тарабынан экологиялык жана өндүрүү коопсуздугу одоно түрүндө бузулууда. «Мунун кесепетинен жергиликтүү калктын ден соолугуна коркунуч туулуп, аймактын экосистемасы кескин түрдө бузулуп жатат»,-деди КРнын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Азизбек Жоомартов. Анын берген маалыматына караганда, алтын казган компаниялар тарабынан лицензиялык келишимдер менен бекитилген долбоорлук чечимдер аткарылбайт, документация формалдуу түрдө түзүлөт. Техникалык инспекция тарабынан текшерүүлөр формалдуу мүнөздө өткөрүлүүдө, инспекциянын актылары аткарылбайт. «Дээрлик кен иштетүү тармагында ишканалар чет элдик капитал менен жүргүзүлүп жатат. Өндүрүлгөн алтындын көлөмү так көрсөтүлбөйт. Салык жанаа жер мыйзамдарынын эрежелери бузулууда. Алтындын өндүрүүсүн жана эсебин так жүргүзүү процессин камтыган конкреттүү нормативдик база жок»,-дейт А.Жоомартов.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

27/09/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...