Акыркы макалалар

Ошто гүл саат орнотулат

10-ноябрь жаштардын эл аралык күнүнө карата экинчи калаада гүл саат орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев билдирди. Ал С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын астына орнотулуп, 700 миң сом акча каражаты сарпталышы болжолдонууда. Аталган сумманын 70 пайызын жаштар комитети өз эсебинен, калганы ыктыярдуу демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бүткөрүлүшү күтүлүп жатат. «Жакында Ош шаарына орнотула турган гүл саат үчүн өткөрүлгөн акцияда шаар тургундары тарабынан 50 миң сомго жакын акча каражаты чогултулду. Акция учурда уланып жатат. Гүл сааттын узундугу 10 метр, туурасы, 6 метр болот. «Анын үстү айнек менен жабылып, жайы-кышы гүлдөп, шаарга өзгөчө көрк берип турат»,-дейт С.Жунусбаев.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, ОШ

27/09/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...