Акыркы макалалар

BIF 2017 инвестициялык форуму 6-декабрда өтөт

BIF 2017 инвестициялык форуму 6-декабрда өтөт

Бишкек инвестициялык форуму (BIF 2017) 6-декабрда өтөт. Бул тууралуу JIA Бизнес ассоциациясынын директору Фархад Пакыров билдирди.

Бул жылы форумдун аянтчасына эң ийгиликтүү жана келечектүү бизнес-долбоорлор коюлат. Ошондой эле, экономикадагы жана бизнес чөйрөдөгү күтүлгөн тренддер жана өзгөрүүлөр жөнүндө талкуулар уюштурулат, ишкерлер үчүн кызматташуунун жаңы багыттары айтылып, старт-ап долбоорлордун бет ачаары өткөрүлөт.

Ал эми быйыл BIF 2017 форумуна 200 ашык долбоор келип түшкөн. Эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен BIF 2017 форумунун тизмесине 81 долбоор киргизилет.

Кошумчалай кетсек, биринчи BIF 2015 форумунда 10 компания $750 000 ашык суммага келишим түзгөн, экинчи BIF 2016 форумунда – $3 млн көбүрөөк суммадагы бештен ашык келишимге кол коюлган.

Эске сала кетсек, жакында www.bif.kg сайты ачылды, эми BIF форумунун алкагында ишкерлер менен кызматташуу жыл бою жүргүзүлөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...