Акыркы макалалар

Алмазбек Атамбаев: “Эгерде сен ак илбирсти атсаң, элиңди аткан болосуң”

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

23-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Бүткүл дүйнөлүк ак илбирсти коргоо боюнча форумга катышты. Анда мамлекет башчысы форумга келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, ак илбирсти сактоо боюнча дүйнө жүзүндө бир топ иштер аткарылып жатканына токтолду. “Дүйнөнүн ар кайсыл бурчтарында ак илбирсти сактап калуу үчүн бир топ иштер жүрүп жатат. Биздин бул демилгебиз чет элдик уюмдардын жана ак илбирс байырлаган өлкөлөрдүн колдоосуна алынганы өтө кубанычтуу”, - деди өлкө башчысы.

Ошондой эле А.Атамбаев кыргызстандыктарга кайрылып, мекендештерин ак илбирсти сактап калууга чакырды. “Ак илбирс кыргыздарда байыртан бери ыйык жаныбарлардын катарында. Ал кыргыз баатырларынын колдоочусу катары эсептелип келген. Кыргыздан чыккан алгачкы каган Барсбектин аты да жөн жерден аталып калбаса керек”, - деди ал. Президент өз сөзүндө ак илбирси атып, анын терисинен кийим тиккендерди сындады. “Ак илбирсти өлтүрүп, терисинен баш кийим, тондорду тиккен кыргыз урпактарын кантип түшүнүүгө болот. Аларды “адам”, “кыргыз” деп атоо кыйын. Булар маңкурттар! Эгерде сен ак илбирсти атсаң, элиңди аткан болосуң. Эгерде ак илбирстин терисин сатсаң, жериңди саткан болосуң”, - деди мамлекет башчы.

Андан сырткары президент ак илбирстин санынын кескин кыскарып жатканын белгиледи. “Акыркы 20 жылда ак илбирстин саны эки эсеге азайган. 90-жылдарда кыргыз тоолорунда алардын саны 600дөй болсо, бүгүнкү күндө 300 чамалуу эле ак илбирс калган. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов да акыркы романы болгон “Тоолор кулаганда” чыгармасында бул жаныбарга өзгөчө басым жасаган”, - дейт А.Атамбаев.

Аталган форумда ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынды. Эксперттердин эсептөөсү боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин ак илбирс калган. Анын 250-300дөйү Кыргызстандын аймагын байырлайт.

Белгилей кетсек, Бишкекте өтүп жаткан бул форумга ак илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр катышты.

25/10/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...