Акыркы макалалар

Автоунаа уурдаган каракчылар көбөйдү

Республиканын аймагында уурулук менен бирге автоунааларды уурдоо, айдай качуу боюнча жыл сайын көп эле кылмыштар катталат. Ал кылмыштардын беттерин ачуу үчүн милиция кызматкерлери көп аракеттерди жасагандары менен кээ биринин беттери ачылбай келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында 2013-жылдын 10 ай ичинде транспорт каражаттарын уурдоо-2, автоунааларды айдап кеткен 10 факты катталган. «Облусубуздун милиция кызматкерлеринин дыкаттык менен иштегенинин натыйжасында транспорт каражаттарын уурдоо боюнча 2. жана автоунааларды айдай качуу боюнча 8 кылмыштын бетти ачылды»,-деп билдирет басма сөз кызматы.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

08/11/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...