Акыркы макалалар

ОРТО АЗИЯ САЯСАТЫНДА ЧЕК АРАДАН ӨТКӨН СУУЛАР: КЫРГЫЗСТАНДАН ЖАЛПЫ КӨЗ КАРАШ

АЙДЫН ПАЗАРЖЫ

Орто Азиядагы учурдагы энергетика менен агын суулардын системасынын тамыры 1960-жылдар башкача айтканда Совет мезгилине барып такалат. Бул жылдарда аталган системаларды жакшыртуу иштери башталган. Арал деңизи сугат суулары менен камсыз кылып, айыл чарба тармагындагы муктаждыктарга керектелген. Жаңы айдоо жерлери иштетилип, Орто Азиянын кадыры көтөрүлгөн. Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстанда жылына 2-3 жолу түшүм берген жаңы айдоо аянттары иштетилген. Тажикстанга Нурек, Кыргызстанга Токтогул суу сактагычтары курулуп, сугатка суу таратуучу системалары түзүлгөн. Мындай ири резервдер пахта, күрүч, буудай сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрдүн өсүшүнө керектелип, аймакта гидро электр индустриясынын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Мисалы үч мөөнөттө аткарыла турган беш жылдык планда башкача айтканда 1966-1980-жылдар аралыгында аймакта сугат жерлери эки миллиард гектарды түзгөн. СССРдин таркашы менен Орто Азиянын беш мамлекети таасирдүү болуп, сугат талаалары 1,7 эсе, айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгү 3 эсе көбөйгөн. Аймактардын социалдык-экономикасына мындай ийгиликтер менен бирге терс таасирлерди кошо жаратты. Алгач калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой Арал деңизи соолуду. Экинчиден Совет мезгилинде түшүмдүүлүгү менен прагматикалык түшүнүктөрдү калыптандырган айыл чарбасында диспропорция пайда болду. Маселен Орто Азиядагы сугат талаалары туурасында 1966-жылда жарыяланган статистикалык маалымат бар. Анда “15 жыл ичинде Өзбекстанда 820 миң гектар, Казакстанда 700 миң гектар, Кыргызстанда жана Тажикстанда 80 жана 120 миң гектар аянт өздөштүрүлдү” деген маалымат болгон.

Негизинен Орто Азия мамлекеттеринде ошол мезгилдерде чек аралар эске алынбай сугат жерлери да тең бөлүнгөн эмес. бул учурда чек арадан өткөн сууну бөлүшүүнүн негизин түзүүдө. Ошону менен бирге Орто Азиядагы мурдагы Советтик республикаларынын укугу бирдей болуп көз каранды болгон. Ал мезгилдерде түзүлгөн орток сугат жана энергетика системасы борбордук башкарууда болгон. Орто Азиядагы сууларды бөлүштүрүү системасы Тажикстан менен Кыргызстандагы гидро станциялардагы сууну бөлүштүрүү режими жана өлкөлөрдүн энергетика менен жабдуу иштерин Москва башкарган. Ошол системага ылайык Тажикстан менен Кыргызстан төмөнкү агымдагы мамлекеттердин айыл чарба муктаждыктарын толтуруу максатында жаз жана жай мезгилдеринде электр энергиясын көп өндүргөн. Селдерди алдына алуу максатында кыш мезгилинде өндрүштү азайтып. өсүмдүктөрдү өстүрүүгө суу топтоо зарылдыгы бар эле. Төмөнкү агымдагы өлкөлөр кыш мезгилинде жогорку агымдагы өлкөлөрдү көмүр, мунай жана газ менен камсыз кылган. Бул мамлекеттер ортосунда убактылуу чек араларды эске албастан электр таратуучу системаны жөнгө салган энергия берүүчү тармак курулган.

СССР тарагандан кийин өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жараша, экономикалык кризис, муктаждыктар жана Орто Азия өлкөлөрүндөгү көйгөйлөргө, даттанууларга жол ачкан борбордук башкаруунун кемчиликтери ачыкка чыкты. Орто Азиядагы сугат-энергетика системасы чөгүп, чек арадан өткөн сууларды пайдалануу боюнча маселелер жаралды. Алар төмөндөгүчө:

• Суу квоталары

• Сууну чыгымдоо жана энергетикалык төлөмдөр

• Жаңы гидро стианциялардын курулушу: Рогун, Сангтуда, Камбар-Ата 1 плотиналары

• Golden Century көлү

• Суу пайдаланууда Афганистандын үлүшү

ОРТО АЗИЯДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УКУКТУК НОРМАЛАР ЖАНА ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР

Эл аралык укукта чек арадан өткөн сууларга байланыштуу учурда күчүндө иштеп жаткан макулдашуу жок. Бирок бул боюнча укуктук нормаларга карай келгенде түрдүү түшүнүктөрдү жолуктурууга болот:

• жогорку агымдагы өлкөнүн “абсолюттук суверенитетин” жактаган Хармондун доктринасы

• агын сууларды пайдаланууга байланыштуу “тарыхый укуктар”

• “Чектелген суверенитет” доктринасы жана бассейн өлкөлөр бирдей үлүштө бөлүшүүсү. Ар бир өлкө өз чек арасынын ичиндеги эл аралык сууларды жакшы, адилеттүү түрдө өздөрүнө керектүү өлчөмдө колдонуу укугуна ээ. Бул түрдүү доктриналар чек аралардан ашкан сууларды бөлүшүүгө багытталган ар башкача ойлорду ортого салат. Мамлекеттер ортосунда эки жана көп тараптуу келишимдерде чек арадан ашып өтүүчү сууларды бөлүшүүгө байланышкан негизги эрежелер катары кабыл алынат.

1998-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан өкмөттөрү ортосунда Сейхун бассейниндеги суу жана энегетиканы пайдалануу боюнча жаңы келишимге кол коюлган. 1999-жылы Тажикстан да бул келишимге кошулган. Аталган макулдашуу 2003-жылы 5 жылга узартылган. Документке 2005-жылы Евразия экономикалык шериктештигинин бир бөлүгү болгон Орто Азия экономикалык кызматташтык уюмунун негизинде кол коюлган. Бирок аталган келишим тараптардын мыйзам бузууларынан улам ишке ашкан эмес.

Орто Азиядагы чек арадан ашып өткөн сууларды пайдалануу боюнча жарактуу болгон эл аралык документ башкача айтканда Кыргызстан жана Казакстан ортосунда Талас менен Чу дарыяларын пайдалануу боюнча кол коюлган эки тараптуу келишим бар. Бул документ эки кошуна мамлекттин чек арадан өткөн сууларын пайдаланууга байланышкан көйгөйлөрдү жөнгө салат. Бул макулдашууда Казакстан Кыргызстандын таратуу процесстерин иштетүүгө кеткен чыгымдарга салымын кошот. Ал эми Бишкек, Талас жана Чу дарыяларында суу топтоо жана чыгымдоо үчүн белгилүү режим түзөт.

Чек арадан өткөн суу жолдорунун колдонулушу боюнча түрдүү тажрыйбалар талкууланып келет. Эл аралык укуктук нормаларда негизинен жогорку агымдагы мамлекеттердин артыкчылыгы көп болору, алар чек араларындан өткөн суунун агымынан тапкан энергиянын 50 пайызына чейинкисин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору белгиленип келет. Бирок Орто Азиядагы түрдүү көрүнүштөр бар. Алсак төмөнкү агымдагы мамлекеттер кандайдыр бир чыгымга учурабаган бош суу боюнча режимди каалашат. Ошондой эле сууну көп талап кылышат.

Уландысы кийинки санда

08/1102013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...