Акыркы макалалар

Органикалык айыл чарба: сапаты бар, стандарт жок

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн алтымыш пайызын экологиялык жактан таза органикалык продукциялар түзөт. Бирок, дүйнөлүк рынокто анын табигыйлыгын тастыктоочу документинин жоктугу актуалдуу маселе бойдон калууда.

Кыргызстанда 2003-жылдан бери органикалык чарба колго алынып келе жатат. Азыр үч кооператив эки миңге жакын мүчө дыйкандары менен органикалык продукцияларды өндүрүп жатат. Мындан сырткары, “Талас” органикалык аймагы деп аталган өзүнчө чоң аймак бар.

КЫРГЫЗСТАНДА ОРГАНИКАЛЫК СТАНДАРТ ЖОК

“Био Сервис” коомдук фондунун аткаруучу директору Сапарбек Алымкуловдун айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн өңчөй бөлүгү нукура болгону менен органикалык стандарт иштелип чыгыла элек. Ал кошумчалагандай, ушул тапта ата мекендик дыйкан-фермерлер тарабынан өндүрүлгөн продукцияларга бирдиктүү стандарт киргизүү аракети көрүлүп жатат.

“Биз ар дайым өндүргөн продукцияларыбыз экологиялык жактан таза деп айтып келебиз. Ошол эле учурда дыйкандар да минералдык жер семирткичтерди пайдаланбастан, табигый, органикалык заттарды пайдаланып жатышат. Бирок, негизги маселе мына ушуларды тастыктаган документтин жоктугу. Ошол себептен биз бирдиктүү стандарт киргизишибиз керек. Биз алар менен эл аралык стандарттар боюнча иштеп жатабыз. Бул Евро биримдиктин стандарты. Ошондой эле эл аралык федерациянын органикалык стандартын өзүбүзгө алалы деп жатабыз. Себеби, бүгүнкү күндө Кыргызстанда эл аралык стандарт жок. Бирдиктүү стандартты мүмкүн болушунча Борбор Азия өлкөлөрүнө киргизип, алар менен бирге бир стандартты кабыл алсак, анда биз бири-бирибиздин продукциябызды органикалык азык-түлүк катары тааныганга жетише алабыз”,-деди С.Алымкулов.

ОРГАНИКАЛЫК АЙЫЛ-ЧАРБАНЫ ЖАЙЫЛТУУ ЧАРАСЫ

Кыргызстанда эки жылдан бери органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн улуттук форуму өткөрүлүп келет. Демилгени Bio-KG органикалык кыймыл федерациясы көтөрүп, техниканын өнүккөн заманында керектөөчүлөрдү экологиялык жактан таза азык-түлүктөр менен камсыз кылуу максатын көздөөдө. Аталган федерациянын жетекчиси Искендербек Айдаралиевдин айтымында, быйылкы жылы экинчи ирет өткөн форумда органикалык кыймылдын колдоочулары фермерлер, жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер мамлекеттик органдардын, эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен өлкөнүн био түрдүүлүгүн сактоо максатында өлкөнүн органикалык дыйканчылыкка өтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле иш-чарада органикалык тамак-аш азыктары: бал, эт-сүт, мөмө-жемиштер, кыргыздардын салттуу көчмөн ашканасынын рецепттери боюнча талкандан жасалган азыктар, улуттук суусундуктар, тоо жемиштеринен жана мөмөлөрдөн кайра иштетилген продукция, оригиналдуу кол өнөрчүлүгүнүн буюмдары, топоздун эти жана башка көптөгөн азыктар элдин назарына тартууланды. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан табигый, органикалык продукцияны өндүргөн 50гө жакын компания катышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОВАРЫ ДҮЙНӨЛҮК РЫНОКТО АЛСЫЗ

“ИККО Кооперейшн” фондунун түштүк Борбордук Азия боюнча аймактык менеджеринин орун басары Муратбек Исмаиловдун айтымында, Советтер союзу жоюлгандан кийин, жерлер өз алдынча бөлүнүп кетип, жетиштүү санда продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгү жоголгон. Өндүргөн чакта дагы бирдиктүү эмес.

“Мына Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү алдында турат. Кыргызстандагы айыл чарба продукциялары кайсы бир стандарттарга жооп бербегендиги, чет жактагы базарларда тыюу салынып жаткандыгы негизги көйгөй болуп жатат. Ошол эле биримдиктин ички эрежелери бар. Биздин айыл чарба продукциябыз ага шайкеш келиши керек. Ал үчүн бизде идентификация, сертификат берүү жолго коюлушу керек. Мына ушулар аркылуу гана өзүбүздүн продукциябыздын чыныгы натуралдык деп тастыктай алабыз. Органикалык айыл чарба мына ушуларды тастыктаган жардам берген рычаг”,-деди М.Исмаилов.

22/11/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...