Акыркы макалалар

Бюджет жетишсиздигин карыз менен жабууга тыюу салынат

Кыргызстанда мындан ары бюджет таңкыстыгын сырттан карызга алынган акчанын эсебинен жабууга тыюу салынат. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети кабыл алды деп маалымдайт парламенттин басма сөз кызматы.

Жыйында эл өкүлдөрү насыя каражаттар бюджет жетишсиздигин жабууга эмес, ички түзүмдөрдү жакшыртуу багытында жумшалышы керектигин белгилешти.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков маалымдагандай, Европа бирлиги бюджеттик тартыштыкты жабуу максатында 30 млн. евро насыя берүүгө макулдугун берген. Жалпы сумманын 15 млн. евросу гранттык негизде болсо, калган жарымы 15 жылдык мөөнөт менен 3 пайыз үстөк насыя катары берилет.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 4 миллиардга жакын долларды түзөт.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

22/11/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...