Акыркы макалалар

Назгүл Өмүракунова: Кант диабети жаштар арасында дагы жайылууда

Кант диабети адамдарды майыптыкка жана өлүмгө көбүрөөк алып келе турган оорулардын бири. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө аны менен жабыркаган 371 млн. учур катталган, бирок иш жүзүндө бул эки эсе көп. Анын ичинде биздин өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 37 миң адамды түзсө, 250дөн ашуун бала кант диабетинен жапа чегип келет. Аталган дарт тууралуу Кыргызстандын Диабет жана эндокринологиялык ассоциациясынын эндокринологу Назгүл Өмүракунова баяндайт.

Кант диабети заттардын углеводдук алмашуусу жана организмдеги суунун алмашуусу бузулган эндокриндик системанын оорусу. Ашказан алдындагы бездин функциялары бузулгандыктан тамак-аш менен келген углеводдор организм тарабынан жетишерлик өздөштүрүлбөйт. Темир инсулиндин керектүү көлөмдөгү гормондорун жетишерлик иштеп чыкпагандыктан, организм тарабынан глюкозага кайра иштетиле турган углеводдор өздөштүрүлбөстөн, канга көп өлчөмдө топтолуп жана бөйрөк аркылуу заарага чыгарылат. Муну менен бирге суунун алмашуусу дагы бузулат, анын жыйынтыгында ткандар сууну кармай албагандыктан кургап калат, ал эми өздөштүрүлбөгөн суу бөйрөк аркылуу көп өлчөмдө бөлүнүп чыгат.

Бейтаптар адатта май жана белок алмашуунун дагы бузулушунан жапа чегишет. Жыйынтыгында организмге уулуу заттар топтолот жана алар коркунучтуу татаалдашуулардын бири болгон – диабеттик кома же организмдин өзүн-өзү уулануусунун себептеринин бири болуп саналат. Кант диабети менен ооруган адам сөзсүз түрдө дарыгердин көзөмөлү менен дарыланышы керек.

ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ

Бул дартка чалдыгуунун себептери рационалдуу эмес тамактануу, тукум куучулук, нервдик-психикалык кайгыруулар, стресс, оор жумушта иштөө жана тиричилик шарттарынын оордугу, катуу оорунун жыйынтыгы (инсульт, гипертониялык кризис ж.б.), уулануу, боордун нормалдуу функциясынын бузулушу.

Кант диабети менен адатта 40 жаштан жогорку курактагы адамдар оорушат, бирок кесел жаштарда дагы кездешүүдө. Көп учурда бул дарттын белгилери көпкө чейин байкалбайт. Айрым учурда диабеттин бар экендигин дарыгер башка ооруну дарылап жатып таап калат. Анын I жана II тибинин белгилери айырмаланып турат. Бирок эки типтеги диабетке дал келишкен бир катар симптомдор бар.

БЕЛГИЛЕРИ

Диабеттин кеңири жайылган белгилеринин бири тойбогон (“карышкырдай”) табит, ооздун дайыма кургап турушу, суусап туруу, түн ичинде тез-тезден заара кылуу, канда глюкозанын деңгээлинин жогору болушу, айрым учурда алсыздык, чарчоо, семирип кетүү же себепсиз арыктоо, оозго темирдин даамынын келиши, көрүүнүн начарлоосу, көздүн тумандап калышы, жарат, кесип алган жерлердин ырбаак болушу, жаралардын пайда болушу, чурай, жыныс органдарындагы кычышуу жана тери ооруларына көп дуушар болуу. Ошондой эле аялдарда вагиналдык инфекциялардын туруктуу болушу, аялдарда дагы, эркектерде дагы грибок инфекцияларынын болушу, көңүл айнуу жана ал гана эмес кусуу, теринин кургак болушу, тарамыштардын тырышуусу, колу, буттардын сенейүүсү.

Эгерде алсыздык сезилип, көңүл айнуу жана чаңкоо, тез-тез заара кылуу, ичтин оорушу, адаттагыдан тышкары кыйла терең жана тез-тез дем алуу, жутуп жаткан аба ацетон жыттанса (оор татаалдашуулар болушу мүмкүн) анда токтоосуз дарыгерге кайрылуу зарыл. Алсыздык пайда болуп, жүрөк тез-тез согуп, ашыкча тердесе, калтыраса, кыжырлануу, ачка болуу сезими же капыстан уйкусуроо сезилсе тез арада углеводдорду камтыган тез сиңе турган азыктарды жеш керек. Бул олуттуу татаалдашууларды болтурбоого жардам берет.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

22.11.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...