Акыркы макалалар

Келерки жылы Кыргызстандан унаалар чыга баштайт

Келерки жылы Кыргызстандан унаалар чыга баштайт

Буга чейин кыргызстандыктар Германиядан, Кореядан жана Япониядан чыгарылган унааларды айдап келген болсо, эми Кыргызстандын унааларынын биринчи колдонуучусу боло алышат. 25-декабрда Бишкек шаарында Өзбекстандын Isuzu жана Ravon маркаларынын көргөзмөсү өттү. Анда европалык темир тулпарлардан кем калышпаган унаалар эми Кыргызстанда да чыгарыла баштары маалым болду. Мындай келишим мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен коңшу өлкөнүн башчысы Шавкат Мирзиёевдин ортосунда кабыл алынган. Алдыда Бишкекте Ошто жана Кара-Балта шаарларында заводдор ачылмакчы. Мындай маалыматты Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Эсенкул Момункулов билдирди.

-Ош, Бишкек жана Кара-Балта шаарларында компаниялардын биргелешкен заводу ачылат. Анда жеңил унаа, автобустар жана айыл чарба техникалары чыгарылат. Ошко 2 млн 300 миң, Бишкекке 1 млн 800 миң, Кара-Балтада 568 миң жана жүк ташуучу унаа заводу үчүн 512 миң доллар инвестиция тартылары күтүлүүдө.

“Уз авто санаат” акционердик коому унаа чыгарган бир канча компанияны өзүнө камтыйт. Алардын берген маалыматына ылайык, Өзбекстандан чыгарылган унаалар 12 мамлекетке экспорттолуп келет. Акционердик коомго мүчө жалпы компаниялар жылына 300 миң унаа чыгарганга ылайыкталып, бүгүнкү күндө 150 миңден гана чыгарып келүүдө. Кыргызстанга сунушталып жаткан “Равон” маркасы буга чейин «Uz Daewoo» деген ат менен таанылган унааларды жаңыланган модели. 2018-жылдан баштап аталган темир тулпар Кыргызстандан чыгарыла баштаары күтүлүүдө. Мындай маалыматты “GM Uzbekistan”компаниясынын сатуу жана тейлөө бөлүмүнүн башчысы Жахонгир Тиллаев айтты.

-Бүгүнкү күндө аябай жакшы шарт түзүлүп жатат. Биз акыркы жылда 500 унаа экспорттой алдык. Коңшу өлкөнү унаа менен камсыз кылуу максатында 2018-жылы унаа курай турган заводдорду ачууну пландап жатабыз. Бул эки өлкө үчүн да пайдалуу аракет болмокчу.

Сөзүндө кошумчалагандай, Кыргызстанда түзүлгөн заводдо жалаң жергиликтүүлөр иштейт жана алар атайын окутуудан өтүшөт.

Коңшу өлкөнүн компаниялары сунуштаган жеңил унаалардын баасы 6 миң доллардан башталат. Көргөзмөдө аларды сыноодон өткөрүү үчүн атайын тест драйв уюштурулду. Ага катышкандардын бири – Адилет. Ал “Равон” үлгүсүндөгү унааны айдап көрүп, жакшы баасын берди.

-2017-жылы чыккан унаа болгондон кийин жакшы да. Айтымдарына караганда, шаар ичинде 100 чакырымга 6 литр май керектейт экен. Келинчегиме алып берип коёюн деп ойлоп жатам. Негизи, биз машина карап жүргөнбүз. Абдан кубанып жатабыз. Болбосо кыргызстандыктар четтен келген эски унааларды айдап, убара тартып жүрөбүз.

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын аягында катышуучулар үчүн лотерея ойнотулуп, “Равон” Р 3 үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...