Акыркы макалалар

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору болууда

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору болууда

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын ичиндеги 198-265-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, министрлик эскертүүлөрдү берүүдө. Ошондой эле, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан телерадио каналдарынын эфирин тартып алуу аркылуу жана уюлдук операторлордон СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар калкка жиберилген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...