Акыркы макалалар

Тоо лыжа базасы

Тоо лыжа базасы

Быйыл кардын жукалыгынан ачылышы күмөн болуп турган Төш-Булак чөлкөмүндөгү тоо лыжа базасы февраль айында кардын калың жаап, аба ырайынын суук тартып келиши менен расмий ачылышы болуп, кышкы спорттук оюндарды сүйүүчүлөр үчүн оюн-зоок, спорттук мелдештер өткөрүлдү. Ачылыш салтанатына катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жалпы эс алуучуларды Россиянын Сочи шаарында өтүп жаткан 22-кышкы олимпиаданын ачылыш күнүнө дал келген майрамы менен куттуктап, келечекте дал ушундай кышкы олимпиада оюндарында кыргыздын жүзүн дүйнөгө тааныта турган улан-кыздар өсүп чыксын деген тилегин жолдоду.

- Келечекте Эки-Нарын тарапка нарындыктар эле эмес чет өлкөлүк туристтер келип эс ала турган тоо лыжа базасын ачышыбыз керек. Бул эми ойдогу план. Балким каражат чечилип калса, жүзөгө ашырып каларбыз, - деди журналисттерге маалымат берип жатып облус башчысы Аманбай Кайыпов.

Ачылыш салтанатынан кийин лыжанын слалом-гигант жана башка лыжа тебүүнүн үч түрү жана чана жарыштыруу боюнча мелдештер орун алды. Эң жогорку узундук бир чакырымга чейинки аралыктан Нарын облустук балдар-уландар спорт мектебинин тарбиялануучулары жаш курак өзгөчөлөгү боюнча үч этап менен жарышка түшүштү. Ар бир катышуучунун канчалык ылдамдык арттыра алгандыгынын убактысы ченелип көргөзүлүп, атайын эрежелердин так сакталышынын негизинде жыйынтык чыгарылды.

Жыйынтыгында лыжа жана чана тебүүдө байгелүү орунга илинген жеңүүчүлөр Нарын облустук балдар-уландар спорт мектебинин баалуу белектери, грамоталары менен сыйланышты. Байгелерди КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тапшырып жатып, кийинки жумада өзүнүн атынан чоң байгелерди коюп, мындан да жогорку деңгээлдеги мелдештерди уюштура турушкандыктарын айтты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...