Акыркы макалалар

Карышкырлар атылууда

Карышкырлар атылууда

Жылыга облус аймагында карышкырлардын күч болуусунан мал менен жан сактаган айыл тургундары чоң зыяндарды тартып келет. Бөрү баласынын санын азайтууга Өкмөт тарабынан да көңүл бурулуп аракеттер көрүлгөнү менен жан сактоо үчүн түн катып жортуулга чыккан карышкыр малга кол салганы салган.

Мисалы бир эле Нарын районунун Он-Арча айыл аймагы боюнча айыл өкмөт башчысы Болотбеков Мараттын айтымына караганда жыл башынан бери жалпы 17 жылкы, 8 койду кашабаң жалмаган. Бул карышкырларды атып жок кылуу үчүн Оттук айылынын тургундары уюшуп тоо аралап чыгышып, эки күндүн ичинде үч карышкыр атып алышкан. - Бир чоң дөбөт карышкыр жылкыларга кол салып аябай айлабызды кетиргенинен жаңы жааган карда беш-алты киши изи менен артынан кууп барып Оттук айылынын Туюк, Миң-Мээ деген жеринен атып алдык,-дейт Кыдырмышов Надырбек. Ошондой эле Чоң-Каракужур жайлоосунун Ийри-Суу аймагында сарайда турганын айткан Байганаев Саринжи эки карышкыр атып алган. Ал -Жалпы беш карышкыр экен. Жер-Көчкү деген айылдан мал жеп чыгып кетип бараткан жеринен көрүп калып, тосотчулар тосуп айдап берип, экөөнү атып калдык. Ушуну менен баш-аягы алтымыштан ашык карышкыр аттым-деди.

Бул мергенчилерди колдоо иретинде айыл өкмөтүнөн акчалай сыйлыктар уюштурулса, Каракужурда турган фермерлер бирден мамалак беришүүдө. Азыркы убакка чейин үч мамалак беришкен. - Ок-дарылардан жардам берүү жагын уюштуруп жатабыз. Бир ай аралыгында Оттук айылындагы эки мергенчи топ аркылуу беш карышкыр атылды-дейт айыл өкмөт башчысы М. Болотбеков.

Бул күнү элдин малына зыян келтирип жаткан карышкырларды атып жок кылууга салым кошкон мергенчилерге Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев да барып жолугуп, ыраазычылыгын билдирди. - Карышкырлардын малга кол салуусунан Нарын району боюнча акчалай алганда алты млн сомдон ашык зыян тарттык. Мергенчилердин жардамы менен район боюнча 27 карышкыр атылып жок кылынды. Сиздерге чоң рахмат - деген район акими Т.Жанбоев Өкмөткө дагы карышкыр атууга коюлган сыйлык акчаны беш миң сомдон 10 миң сомго көтөрүү боюнча да сунуштар айтылганын билдирип, карышкырды атышкан үч адамга райондук мамлекеттик администрациясынын атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...