Акыркы макалалар

Баткенде пенсионерлердин саны 734кө өстү

Баткенде пенсионерлердин   саны 734кө өстү

Баткен районунда 2012-жылдын тогуз айы үчүн социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн топтоонун планы 113 млн. сом болсо, аткарылганы 131 млн. сомду түзүп, план 116 пайызга аткарылган. Ал эми социалдык төлөмдөр боюнча жалпы карыз 18 миң сомду түзүп, анын ичинен чарбалык ишканалардыкы 7 миң сомду, бюджеттик мекеме-ишканалардыкы 6,9 миң сомду, айыл өкмөттөрүнүкү 4,4 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле 2011-жылдын тогуз айынын ичинде дыйкан, фермер чарбаларынан жана жеке үлүш жерлер үчүн 893 миң сом социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү жыйналган болсо, 2012-жылдын тогуз айында карата 2 млн. 638 миң сом жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 1 млн. 744 миң сомго көп.

Райондун аймагында 2012-жылдын тогуз айына карата 10151 пенсионер катталган же өткөн жылга салыштырмалуу 734 пенсионерге өскөн. Анын ичинен: 8001 киши карылыгы боюнча, 1953 киши майыптыгы боюнча, 936 киши багуусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алышат. Орточо бир айлык пенсиянын өлчөмү 3759 сомду түзгөн же өткөн жылга салыштырмалуу 434 сомго өскөн.

Азыркы күндө Баткен райондук социалдык фонду тармагында 28 кызматкер үзүрлүү эмгектенип келишет. Алардын ичинде жамаат арасында кадыр-барктуу, өз ишинин устаттары болгон мыкты кадрлар арбын. «Социалдык фондунун мыктысы» төш белгисинин ээси Уринса Курбанбекованын, Социалдык фондунун Ардак грамотасынын ээлери Сайдагүл Курбанова жана Алмаз Эрматовдун ысымдарын сыймык менен атагым келет. Алардын катарын толуктап социалдык тармакты өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуп келе жаткан жаштардан киреше бөлүмүнүн башкы адиси Авазбек Таипов жана пенсия дайындоо жана кайра эсептөө бөлүмүнүн адиси Исламбек Токтоназаровдун иштери да үлгү болорлук.

Машираф ТУЛЛАЕВ, Баткен райондук социалдык фондунун башкармалыгынын башчысы

Түп нускага шилтеме : www.kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...