Акыркы макалалар

Мамлекеттик — жеке өнөктөштүк менен 4 гемодиализ борбору курулат

Мамлекеттик — жеке өнөктөштүк менен 4 гемодиализ борбору курулат

Мамлекеттик- жеке өнөктөштүк алкагында Кыргызстанда дагы 4 гемодиализ борбору курулат. Алар Ал курулушту координациялоо үчүн 5-мартта Бишкекте Fresenius Medical Care Kyrgyzstan компаниясынын кеңсеси ачылат. Бул тууралуу Саламаттыктык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, гемодиализ борборлору ушул жылдын жайында жана күз айларында ишке киришип калат. Алардын экөө Бишкек шаарына курулат, ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарына бирден борбор ачылат.

Ал клиникалар өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркаган жарандарга кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берерин Саламаттыктык сактоо министрлиги белгилейт.

Эске салсак, Кеңесенин ачылышына,министр Талантбек Батыралиев, Германия элчиси Моника Иверсен, Fresenius MedicalCare Юлиус Крюгер компаниясынын өнүгүү боюнча директору Юлиус Крюгер, Немис өнүгүү банкынын өкүлү Ильва Реннер-Хаберле жана башкалар катышат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...