Акыркы макалалар

Быйыл да "Ынтымак" менен "Достук" көк бөрү чемпиондугун талашмай болду

Быйыл да "Ынтымак" менен "Достук" көк бөрү чемпиондугун талашмай болду

Өткөн жылы финалда да эки команда кармашып, "Ынтымак" баш байгени илип кеткен

Көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалында Таластын "Ынтымагы" менен Оштун "Достук" командасы беттешмей болду. Бул тууралуу бүгүнкү оюндун жүрүшүндө белгилүү болду.

Жарым финалда оюн талаасына "Ынтымак" менен Сокулуктун "Биримдик Аю" командасы чыгып 2:1 эсебинде жеңип алган. "Достук" болсо Чүйдүн "Арашан" командасы менен кез келип, 15:1 эсеби менен финалга жолдомо алды. Ал эми "Биримдик Аю" менен "Арашан" үчүнчү жана төртүнчү орун үчүн беттешмекчи.

Эскертке кетсек, былтыр да финалда "Ынтымак" менен "Достук" командалары кармашып 8:7 эсеби менен "Ынтымак" баш байгени илип кеткен. Ал эми үчүнчү орунду "Биримдик Аю" камсыздаган.

Эми кийинки оюндар 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында өтмөкчү. Үчүнчү орун үчүн беттеш саат 10:00дө, финалдык бөлүгү 14.00дө башталат.

Мындан сырткары, Нооруз майрамына арналып ат чабыш жана эр эңиш боюнча улуттук оюндар уюштурулган. Ушул эле мелдеш Жалал-Абадда регионалдык деңгээлде өткөрүлүүдө.

Аталган турнир Нооруз майрамы жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп 15-мартта башталган. Анда өлкөнүн жети дубанынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 16 команда ат салышты.

Мелдешке Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция 2 миллион 890 миң сом бөлуп, анын 1 миллион 250 миң сому байге фондусун түзөт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...