Акыркы макалалар

К.Иманалиев: “Кыргызстанга ЕКПАнын “Демократия үчүн өнөктөш” статусунун берилиши - жаңы эпоха”

“Кыргыз Республикасына Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын “Демократия үчүн өнөктөш” статусунун берилиши менен кыргыз парламентаризминин тарыхындагы жаңы эпоха ачылууда”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады..

Анын айтымында, “Демократия үчүн өнөктөш” статусунун берилиши өлкөдөгү парламентаризмдин өнүгүшүн бекемдейт, Кыргызстандын жаңы имиджин түзөт. “Демократия боюнча өнөктөш” статусуна ээ болуусу - Кыргызстандын парламенттик жолдо бараткандыгын таанышынын жана колдоосунун далили.

“ЕКПАга Европа мамлекеттеринин 47 өлкөсү мүчө. Булар парламенттик өлкөлөр. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын биринчи болуп мындай статуска ээ болуп отурат. Биринчиден, бул Кыргызстан үчүн жаңы аброй алып келет. Дүйнөдө өнүккөн парламенттик өлкөлөр ушул Европада жайгашкан, алардын бизге, айрыкча, мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча тажрыйбалары зарыл. Үчүнчүдөн, Европанын көп конвенцияларына кошулганбыз”, - деп баса белгиледи К.Иманалиев.

Түпкүлүгүндө бул кыргыз парламентинин тарыхындагы жаңы барак деп ойлойм – деп кошумчалады депутат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...