Акыркы макалалар

Эми аялдар ажыга жалгыз бара алат

Эми аялдар ажыга жалгыз бара алат

Биринчи жолу аялдарга ажылык сапарга өз алдынча чыгууга уруксат берилди. Муфтияттын маалыматында, турмуш кура элек, баласы жок жана күйөөсүнөн ажыраган аялдарга гана өз алдынча ажылыкка барууга болот.

Үстүбүздөгү жылы 20 аялга эркектердин коштоосу жок ажылыкка баруусуна уруксат берилгени кабарланды.

Кыргызстанда буга чейин аялдар жолдошунун, балдарынын же жакын тууганынын коштоосунда гана ажыга бара алчу.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев кабарлагандай, аялдардын ажылыкка жалгыз баруусуна быйыл гана уруксат берилди. Кийинки жылы мындай мүмкүнчүлүк берилбеши мүмкүн.

Белгилей кетсек, Сауд Аравия Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 5 миң 400 квота бөлгөн. Ажылыктын баасы быйыл 2 миң 890 долларды түздү.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...