
Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагындагы жолду оңдоодо 1 млн 671 миң сом акча сол чөнтөккө кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Башкы көзөмөл органы Ысык-Көл облусундагы Чет-Байсоорун айылы менен Ананьево айылын байланыштырган жолдун ремонт иштерине сарпталган каражатты текшерген.
Аталган жолдун 4 миң 164 чарчы метриндеги тешигин жамоого 4 млн 100 миң сом бөлүнгөн. Бирок 2 миң 511 чарчы метри гана оңдолгон.
Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тийиштүү органдарга өткөрүп берди.
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...