Акыркы макалалар

Күндөн коргоочу көз айнекти ашыкча тагынуу, глаукома дартын алып келет

Күндөн коргоочу көз айнекти ашыкча тагынуу, глаукома дартын алып келет

Адистердин айтымында, акыркы кезде өлкөдө 40-45 курактагылар арасында глаукома оорусу пайда болуп, көзү көрбөй калгандарды кездештирүүгө болот.

Адамдар күндөн, көзүнүн айланасына бырыш түшүүдөн сактануу үчүн көз айнекти тагынышат. Көпчүлүгү кандай, кайсыл жерден жана канча убакыт тагынуу тууралуу маалыматы жок. Мода жагынан канчалык көңүл бурулбасын, медицина тарабынан да ошончолук мааниси чоң. Себеби, көз айнектин пластик же айнек болушу көздүн саламаттыгы үчүн өтө маанилүү. Бул жолку «Дабагер» уктуруусунда жаз, жай мезгилинде көзгө кантип кам көрүү туурасында Улуттук Госпиталдын медицина илимдеринин кандидаты, көз дарыгери микрохирург Айнура Асанова менен кеңири маек курдук.

Жаз, жай мезгилинде көздө кандай өзгөрүүлөр байкалат?

- Чындыгында көздө бир топ өзгөрүүлөр болот. Кыргызстан бийик тоолуу аймак болгондуктан, жаратылыштын да көзгө тийгизген таасири чоң . Белгилеп кетсем Нарын, Ысык-Көл жана түштүк тараптын айрым аймактарында өзгөрүүлөр байкалат. Ошондой эле күндүн ысыгынан, күндүн чагылышынан аллергия жана көздүн кургашы пайда болот.

Өзгөрүү болгон кезде алгачкы симптомдорун кантип байкоого болот?

- Өзгөчө көз кечинде кызарат. Айрым бир учурда ачыштырат. Өтүшүп кетсе, көздүн сырткы кабыкчалары өзгөрүп, ичкере баштайт. Дагы бир жагдайын айтып өтсөм, үйдөбү, көчөдөбү көздөн жаш ага баштайт.

Жаз, жай мезгили келгенде күндөн, көздүн айланасындагы тырыштардан коргонуу үчүн көз айнектерди тагынышат. Бул көзгө өзгөрүүлөрдү алып келүүгө шарт түзүшү мүмкүнбү?

- Негизинен күндүн нурунан сактануу үчүн көз айнек тагынуу туура болот. Бирок, көз айнек тагуунун убагы жана мезгили бар. Тагырак айтсам, чак түштө күндөн сактаган көз айнекти тагынуу керек. Ал эми эртең менен күн батып баратканда, нуру чагылбаган учурда анын зарылчылыгы жок. Себеби, ар кандай маалда тагына берсе, көздүн кареги чоңоё баштайт, көздүн басымы көтөрүлүүгө муктаж болот. Анан көз ооруларынын пайда болуусуна шарт түзүлөт.

Көз айнек тандоодо бетинин түзүлүшүнө же чачына карап алышат. Ал эми сиз адис катары кандай кеңеш берет элеңиз?

- Чындыгында заманга жараша бренддердин көз айнектери көп. Сапаттары дагы ар кандай чыгууда. Адис катары айтарым, күндөн сактаган көз айнектердин пластикадан эмес, айнектен жасалганын сунуштайм. Пластика деле жакшы. Бирок, учурда жакшы сапаттагы пластиканы табуу кыйын. Айнек менен пластиканын айырмасын билүү үчүн калем менен айнекти чаап көрсөң, кадимкидей үн чыгат. Ал эми пластиканы чапканда андай үн чыкпайт. Ушинтип айырмалап билсе болот. Экинчи жагдайы өңүнө, түсүнө маани бериш керек. Учурда боз, жашыл, кара, башкача айтканда ар кандай түстө кездештирүүгө болот. Негизинен ачык күрөң жакшы болот. Кара деле болот, бирок, кеч кире баштаганда көзүбүздүн кареги кеңейе баштайт. Андыктан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал эми жашыл түстөгү көз айнек глаукома менен ооругандар үчүн . Ар кандай түстөгү линзаларды колдонгондорго дагы кайрылып кетет элем. Аны көп убакытка тагынуу туура эмес. Линзаны таза кармоо керек. Кээ бир жагдайларда унутуп уктап калган кезде, көздүн сезгенүүсүнө алып келет.

Жогоруда айтып өттүңүз жаз, жай мезгилинде көздүн нымдуулугу азаят деп, ошого токтолуп өтсөңүз?

- 10-15 жылдан бери илимий иштер менен дагы көргөзүлүп жатат. Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан жана экология бузулгандыктан көздүн нымдуулугу бир топ төмөндөйт. Ошондуктан жарандарга айтат элем, жаз, жай мезгилинде көздү нымдап туруш керек. Ал үчүн кадимки эле дарыканаларда сатылат, аты жасалма көз жаш. Бир күндө бир-эки тамчыдан үч же төрт маал тамызып койсо болот. Айрыкча кечке компьютер менен иштеген жарандар колдонсо болот. Ал эми айылдагылар болсо, табыгый булактардагы суу менен эле жууса, көздүн нымдуулугун пайда кылат.

Өлкөдө көз оорусунун кайсы түрү көйгөй жаратууда?

- Айтсам, "глаукома", "катаракты" дарттары. Өлкөдө глаукома менен ооруп 40-45 жаштагы жарандардын көздөрү көрбөй калууда. Муну мен ойлойт элем, сырткы жана ички миграциянын кесепетинен. Себеби, өз убагында медициналык мекемелерге каттоого турушпайт. Баягы көр оокат деп, көңүл коштук мамиле жасап, убагында адистерге кайрылбагандыктан болуп жатат. Глаукома - бул көздү ачыштырбайт, кызартпайт жана оорутпайт. Бир убакта эле көрүүнү начарлатат. Ошондо гана байкаганга мүмкүн болот. Бирок, адам алдын ала дагы байкаса болот. Эгерде адам маани берсе, эртең менен туман болуп, анан барып-барып көрүүсү жакшырат. Анан бейтаптар ойлошот бул коньюктивитко же сезгенип калды деп жүрө беришип, таптакыр көрбөй калганда кайрылышат.

Глаукома оорусу эмнеден улам пайда болот?

- Негизинен азыркыга чейин так себептери тастыкталган эмес. Бирок, бул дартка алып келе турган жагдайлар көп. Ошол эле биз сөз кылып жаткан көз айнек. Муну өзүнүн эрежесине ылайык тагынуу керек. Көп тагынуу болбойт. Бул 10-15 жылдан кийин глаукома дартына алып келүүсү мүмкүн. Жогоруда айткандай карек чоңоюп, көздүн басымы жогорулайт. Ошондой эле телевизор, компьютер жана чөнтөк телефондорду караңгы үйдө колдонсо да пайда болот. Баса белгилеп өтүүчү жагдай, караңгы үйдө телефон колдонгон кезде карек чоңоёт, ошондо көздүн түбүндөгү тамырына доо келет. Мында макулодистрофия деген дарт пайда болот. Негизинен бул оору менен 60-70 жаштагылар ооруйт.

Адис катары бере турган кеңешиңиз?

-Биринчи, көздүн кургактыгы байкалганда жасалма көз жаштарды колдонуу. Ал эми айыл-аймактарда болсо булак суусуна көздү жууп турса, нымдуулугуна таасир берет. Ал эми көз айнектин түстөрүнө токтолсом, ачык күрөң түстө болгону жакшы. Чак түштө да тагынуу туура болот. Эртең менен кечкисин тагуунун кажети жок. Ал эми ата-энелерге айтарым, балдарга колго тийген эле көз айнекти алып бербөөлөрү керек. Андан көрө күндөн сактоо үчүн тиешелүү жайкы баш кийимдерди алып беришсе жакшы болмок.

- Маегиңизге рахмат!

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...