Акыркы макалалар

Дин: бүгүнкү медресе жана эртеңки коом

Дин: бүгүнкү медресе жана эртеңки коом

Кыргызстанда 23 медресеге окуу шарттары талапка жооп бербегени үчүн эскертүү берилди. Дин комиссиясы шарттар оңдолбосо алардын ишмердүүлүгү таптакыр токтотуларын айтууда. Мурдараак ушундай жүйө менен он чакты медресе толук жабылган. Диний билим берүүчү жайлардын баарына лицензия берүү маселеси да күн тартибинде турат.

ШАРТ, ЭСКЕРТҮҮ ЖАНА ЖАБУУ

Диний билимге байланышкан маселелер Бишкекте 27-мартта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана "Булан" институту уюштурган конференцияда көтөрүлдү. Анда айтылгандай, соңку эки жылда Кыргызстанда медреседе окугандардын саны эки эсе арбыды.

"Ислам диний билим берүү системасын жакшыртуу маселелери" деп аталган жыйындын башында конференциянын уюштуруучулары "Булан" институту, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү медреселердеги соңку жагдай боюнча байкоолорун бөлүштү.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов диний билим берүүчү жайлардын окуу шарттарын жакшыртуу талаптары күчөтүлгөнүнө токтолду. Ал бул талаптарга жооп бербеген медреселерге эскертүү берилгенин айтты:

- Быйыл жыл башынан бери мониторинг кылып, талапка жооп бербеген дагы 23 медресеге эскертүү бердик. Аларга материалдык базасын жакшыртуу, билим деңгээли жогорку окутуучуларды алуу жана предметтик сабактарды көбөйтүү боюнча талаптарды койдук. Эгер алар үч ай ичинде кемчиликтерин жоюп, шарттарын оңдобосо, дагы кошумча бир ай мөөнөт беребиз. Анда да оңолбосо алардын ишин токтотууга барабыз. Аларда биринчи кезекте окууга бардык шарттар түзүлүшү керек жана светтик билим берүүнү айкалыштырып берүүгө программаларын иштеп чыгып, окутууну ошонун негизинде алып барышы зарыл.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бул медреселердин атын ачык айткан жок. Мекеме былтыркы жылы муфтият менен чогуу ушундай талап менен алты медресени толук жапкан.

Алар: Кызыл-Кыя шаарындагы “Азирети Али”, Ноокат районундагы “Султан Саркар”, Кара-Суу районундагы “Имам Азъам”, Араван районундагы “Рустам Хаджи”, Нарындан “Бешкемпир уулу Өмүракун”, Жалал-Абаддан “Имам Бухари” жана Ысык-Көлдөн “Чоң-Аксуу” медреселери. Аларда окуу шарттары, жатаканасы, мугалимдердин билим деңгээли да жетишерлик болгон эмес.

Дин комиссиясы өткөн жылдын соңунда мындан сырткары Сузак районундагы “Сузак” жана “Алтын урпак” диний окуу борборлорунун да ишин токтоткон. Көзөмөл мекемеси "борборлор исламий окуу жайларга катталганы менен иштебей жатат" деп кине койгон.

Андан мурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, өспүрүмдөр инспекциясы, муфтият, райондук акимчилик жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия билим берүү менен алектенген диний уюмдарды текшерип чыккан.

Анын жүрүшүндө калаадагы “Биринчи Кадам”, “Абубакир Сыдык”, “Муртазали”, “Ыйык биримдик” жана “Мусакан Төрө” медреселери уруксатсыз иштеп келгени, техникалык коопсуздук, тазалык эрежелери сакталбаганы аныкталган. Свердлов райондук акимчилиги тиешелүү документ алмайынча аларды жабуу өтүнүчү менен Дин комиссиясына, милицияга жана муфтиятка өтүнүч жолдогон.

Муфтият булардын арасынан “Биринчи Кадам” менен “Абубакир Сыдык” мекемелери каттоодон өткөнүн, шарттарын оңдоого аракет кылып жатканын билдирди.

Ошондой эле “Муртазали” менен “Мусакан-Төрө” жөн гана мечит экенин, ага балдарды окутууга тыюу салынганын кабарлады. Ал эми “Ыйык биримдик” коомдук бирикме катары дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда каттоодо тураарын, учурда иштеп жатабы же жокпу белгисиз экенин билдиришти.

Бирок эскертүү алган жогорудагы медреселерден башкасынын абалы деле ойдогудай эмес. “Булан” институтунун директору Чолпон Орозобекова соңку изилдөөлөрдөгү жыйынтыктар менен бөлүштү:

- “Булан” институту медреселерди кыдырып, мониторинг кылып, алардагы акыбал боюнча 2017-жылы чоң баяндама жарыялаган. Ошондо бир нече маселени көтөргөнбүз. Айрым медреселерде санитардык абал начар экенин, кээ бир балдар жатып окуган медреселерде балдарга үч маал тамак берилбей калганын аныктаганбыз. Муну алар каражат жетишсиздиги менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда кээ бир медреселерде окутуучулар, окуу куралдары жетишсиз болгон. Айрым медреселер болсо окутпай эле жөн эле куран жаттаткан учурлары белгиленген. Биздин ошол баяндама бул жааттагы” музду” ордунан жылдырды десем болот, муфтият менен дин комиссиясы медреселердин абалын дыкат текшерип, оңдоо маселелерин күчөттү. Муфтият медреселерде абал жакшырды деп жатат, бирок май айында дагы мониторинг өткөрүп, чындап эле ошондойбу же жокпу изилдеп чыгабыз.

КЫРГЫЗСТАНДА КАНЧА МЕДРЕСЕ БАР?

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эсеби боюнча Кыргызстанда исламий багытта билим берген 114 диний окуу жайы бар. Алардын тогузу институт, бирөө университет. Калган 104ү медресе жана окуу борборлор (коомдук бирикмелер).

Ал эми Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан жогоруда аталган ислам багытындагы диний окуу жайлардын 107си каттоодон өткөн. 107нин 92си учурда толук иштеп жатат. Анда аларды аймактарда жайгашканына карап санап көрөлү.

Бишкек шаарында 11 диний окуу жай болсо, учурда алардын баары иштейт. Алар Кыргызстан Ислам университети, “Расул Акрам” атындагы ислам институту, “Абдуллах ибн Масьуд”, “Көлмө”, “Имам Сарахси”, “Биринчи кадам”, “Курманжан”, “Абу Бакр Сыдык”, “Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы”, “Султан Акмат” жана “Бишкек кыз Куран курсу” атындагы медреселер.

Диний окуу жайлар эң көп жайгашкан аймак Чүй облусу. Жалпы саны 34 болсо, учурда анын 29у иштейт.

Алар: “Хазрети Осмон”, “Куран нуру” жана “Лукман аль Хаким” ислам институттары, “Аль Фарук”, “Мадина”, “Мамадамин”, “Имам Азам”, “Абу Бакр аль-Сыддык”, “Мустафа”, “Умар”, “Токмок”, “Таштан ажы”, “Аль-Бушра”, “Абу Ханифа”, “Жаркынбай ажы”, “Амина ажы”, “Равза”, “Нуруль-Ислам”, “Ала-Тоо”, “Умар ибн Хаттаб”, “Абдулла ибн Аббас”, “Тирмизий”, “Кут билим”, “Аль Акса”, “Арчалы”, “Эргеш кызы Карамат”, “Имам Жазарий” медреселери жана “Имам Азам” аталышындагы эки медресе. Облуста катталган “Мухаммед аль-Амин”, “Чохокадым”, “Бейиш”, “Хазрети Абу Бакр”, “Фатик” медреселери убактылуу иштебейт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында экиден медресе катталган. Ысык-Көлдөгү “Исагали Сабира” жана “Каракол” атындагы медреселер иштеп жатат. Нарындагы “Нарын” медресеси да иштейт. Ал эми “Ак мечит” кыздар медресеси токтоп калган.

НАРЫНДАГЫ МЕДРЕСЕ

Таласта болсо беш медресе бар. Алардын “Чет тилдер”, “Али ибн аби Толиб”, “Бакай-Ата”, “Үкү-Ата” медреселери ушул күндөрү балдарды окутуп жатса, “Халима Иная” медресеси иштебей калган.

Ош шаарында катталган төрт медресе толук иштейт. Алар: “Сайида Хайича”, “Ыйык Сулайман-Тоо”, “Умму Мухаммад” жана калаанын борбордук мечитинде жайгашкан “Козу кызы Бурмакан” медресеси.

Ош облусунда 27 медресе катталган болсо, алардын төртөө ишмердүүлүгүн токтоткон. Иштеп жаткандары “Абдыжапар”, “Имам ат-Тирмизий”, “Абдурахман ибн Ауф”, “Кутбидин уулу Сабохиддин ажы”, “Муслима”, “Накшибандия”, “Молдо Таабалды ажы”, “Хидаят”, “Нур-Ислам”, “Бибисара”, “Салиха”, “Айша эне”, “Курманжан датка”, “Хайринисо”, “Атаназар Кары”, “Имам Ажал-Сарахсий”, “Шарип-Ата”, “Абдираим Каары”, “Хамиджан каары”, “Садыкжан кары Камаллудин”, “Куран Ордо” медреселери жана “Имам аль-Бухарий” аталышындагы эки медресе.

Ал эми “Абу Бакр Сыдык”, “Абдусатар ажы Абдуллаев”, “Мавлана Фахридин” жана “Халид ибн Валид” медреселери иштебей турат.

Эми Жалал-Абадга келели. Бул облустан муфтияттын каттоосунда турган сегиз медресе тең учурда иштеп жатат. Алар “Амир Хамза”, “Биби Рабия”, “Имам Тирмизий”, “Имам Азъам”, “Аиша Сиддика”, “Аз-Захра, “Аксы” жана “Арстанбап-Ата” медреселери.

Баткенде 14 медресе катталганы менен, алардын ону гана балдар-кыздарга диний сабак берип жатат. “Абдулло ибн Аббас”, “Муаз ибн Жабал”, “Абу Ханифа”, “Имам Азъам”, “Таштемир ажы”, “Таир”, “Абу Бакр”, “Нур”, “Баткен” жана “Хазреты Усман” медреселери иштеп жатса, дагы “Хазрети Усман” медресеси жана “Ислам”, “Мухаммед” жана “Ак көңүл” медреселери убактылуу тыным алып турушат.

Ислам институттарынын жана жогорку статустагы медреселердин окуу мөөнөтү төрт жыл. Ортоңку статустагы медреселер үч жыл, башталгыч медреселер эки жыл окутушат. Бирок муфтият жогорудагы медреселердин статусу тууралуу ачык айткан жок.

МЕДРЕСЕЛЕР КАЧАН ЛИЦЕНЗИЯ АЛАТ?

Маалым болгондой, өлкөдөгү медреселерде учурда 8193 студент билим алат. Мунун 4472и эркек, 3721и кыздар. Диний билим берүү мекемелери өз бүтүрүүчүлөрүнө сертификат же күбөлүк беришет. Ал мечитте имам же башка диний мекемелерде кызматкер болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок документти мамлекеттик мекемелер тааныбайт. Мунун айынан көпчүлүк медресе бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калат. Ошол себептүү бир нече жылдан бери медреселерге лицензия берүү маселеси көтөрүлүп келатат.

"Булан" институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова медреселерге лицензия берүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи:

- Медреселерде окуган балдар окууну бүткөнү тууралуу күбөлүк алат, бирок ал эч нерсеге жарабайт. Ал жөн эле кагаз. Аны мамлекет тааныбайт, башка окуу жайлар да тааныбайт. Демек, ошол балдарга окуп бүткөндөн кийин диплом ала тургандай шарт түзүш керек. Лицензиядан жана аккредитациядан өтүшү зарыл. Медреселер лицензия алууга кызыкдар, бирок ага шарттары толук жооп бербейт. Билим берүү министрлиги жана муфтият бул процессти тездетип, медреселерди толук текшерип чыгып, лицензия берүүнү тездетиши керек. 25 жылда бир топ медреселер чаржайыт ачылган, бул өткөөл мезгил болду. Эми ал убак өттү, диний билим берүүнү өнүктүрө турган доордо жашап атабыз. Биринчи кезекте медреселерди ирилештирип, мыкты сапаттагы гана медреселерди калтыруу керек.

Маалым болгондой, соңку 15 жылдан бери Кыргызстан Ислам университети гана Билим берүү министрлигинен лицензия алган. Калган 100дөй медреседе лицензия жок.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов бул кырдаалды лицензия алуу татаалдыгы менен түшүндүрдү:

- Биз медреселердин жетекчилеринин баарын топтоп, “ким Билим берүү министрлигинен каттоодон өтүп, лицензия алууга даяр?” деп маселе койгонбуз. Ошондо Ислам университети менен дагы төрт медресе буга документ тапшырган. Ислам университети толтура кыйынчылыктар менен өтүп, калгандары өтө элек. Себеби Билим берүү министрлигинде диний билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана каттоо боюнча практика, механизм жок экен. Ошондуктан аларды каттоо өтө машакаттуу иш болуп жатат. Ошол эле кезде ал жерде лицензия бере турган талаптардын кээ бирлери биздин медреселерге дал келбей жатат. Маселен, светтик билимдерди 60-70% берип, калганын диний сабактарды өтөсүңөр деп койгон. Медреселер болсо биз 70% диний билим беребиз, 30% светтик сабак беребиз дегендей кылып кармалып жатышат.

Бирок Билим берүү министрлигинин өкүлү Нурбек Казиев лицензия алуу кыйла жеңилдегенин, бирок медреселер шартын оңдоодон качып буга өтпөй жатканына токтолду:

- Лицензия жана аккредитация деген бул билим берүү боюнча мамлекеттик саясаттын принциби. Билим берүүнү бардык мекемелерде бир типте жүргүзүү талабы бар. Ошондуктан Кыргызстандын стратегиялык саясатында балдарга сөзсүз түрдө светтик сабактар өтүлүшү керек, диний билим ага кошумча же барабар бериле тургандай болушу зарыл. Учурда христиан диний багытындагы 12 мектеп Кыргызстанда лицензия алып, кадимки светтик сабактар менен чогуу диний билим берип жатышат. Алардын бүтүрүүчүлөрү кадимкидей аттестат алат. Эмне үчүн исламий медреселер буга тезирээк аракет кылбайт? Медреселер “силер келгиле, биздин эшигибиз ачык” дегендей позицияда турасыңар, буга тескерисинче силер көбүрөөк кызыкдар болушуңар керек. “Лицензия алуу, аккредитациядан өтүү татаал” деп беш жыл мурда айтсаңар, мен макул демекмин. Азыр баары жеңил. Мамлекеттик миң сомдук төлөмдөн башка эч ким бир тыйын сурабайт.

МЕДРЕСЕ АЧУУДА МЫЙЗАМ ТАЛАП КЫЛГАН ШАРТТАР:

Кыргыз Республикасынын Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамы 13-берененин 2-пункту:

Диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу үчүн уюштуруучу төмөнкүлөрдү берет:

- диний окуу жайдын уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген, мамлекеттик жана расмий тилдерде төрт нускада түзүлгөн уставы;

- уюштуруу чогулушунун протоколу, диний окуу жайды түзүү жөнүндө чечим же буйрук (уюштуруу келишими);

- диний окуу жайын уюштуруунун демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси;

- уюштуруучунун (уюштуруучулардын) уставынын, диний уюм катары мамлекеттик каттоого алуу тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык ырасталган көчүрмөлөрү;

- уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген окутуу программасы, окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү;

- тийиштүү кызматтар (санитардык-эпидемиологиялык, өрттөн сактануу) берген маалымкат-корутунду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы диний окуу жайга өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн берген уруксат;

- финансылык ресурстарынын бар экендиги жөнүндө ырастоо; - окутуучулардын сапаттык курамы.

Бирок Кыргызстандагы медреселердин дээрлик баары бул мыйзам талабына так жооп бербейт.

Кыргызстандагы медреселерди лицензиялоо жана алардын билим берүү сапаты, диний мекемелерде экстремизмге тарбиялоо коркунучу жана башка маселелер боюнча дин тармагындагы эксперт Нурлан Исмаиловдун маегин бул жерден уксаңыз болот.

ЭМНЕ ОКУТУЛАТ, ЭМНЕНИ ОКУТУУ КЕРЕК?

Муфтият медреселердин баары бирдиктүү программанын негизинде окутуу жүргүзөт деп кабарлайт. Медреседеги студенттер негизинен куран, куран илими жана анын мааниси, куранды туура окуу, жаттоо жана аны чечмелөө, шарият жана ислам тарыхы, хадистер жана ислам укугу (фикх) тууралуу сабак алышат.

Акыйда (ишенимдин тарыхы жана багыты), балагат, сарф ( араб тилинин морфология), нахв (араб тилинин грамматикасы) деген сабактар менен кошо албетте балдар араб тилин кошо үйрөнөт. Медреселердин программаларында дин психологиясы жана дин педагогикасы да бар.

Бишкектеги 300дөй бала окуган “Абдулла ибн Масуд” медресесинин студенти Арген Жээнтаев бул жерде диний кат-сабатын жоюп, шарият жолунда тарбиялануу жетиштүү деп эсептейт:

- Мен бул жактан төрт жыл диний билим алгандан кийин дагы окуумду улантам. Азыр биз көбүнчө араб тилинин грамматикасын окуйбуз. Араб тилинин грамматикасы абдан терең да. Медресе абдан жагат. Чыныгы тарбия ушул жакта. Адеп-ахлак, кулк-мүнөз ушул жактан калыптанат, ал чыныгы жашоо-турмушта керек. Кыргызстан тарыхын кошо окусак жакшы болот эле. Калган сабактарды 9-класска чейин деле окуганбыз.

Кыргызстандын муфтияты жана медресе жетекчилери балдарга светтик билимдерден кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили, англис тили, география, информатика жана дене тарбия сабактары да өтүлөрүн билдиришет. Ал эми Билим берүү министрлиги жана Дин комиссиясы медреселерге орто мектептерде өтүлгөн сабактардын бардыгы киргизилиши керек деп эсептейт. Ошондон кийин гана аларга лицензия берилиши мүмкүн.

Бирок медресе жетекчилери каржынын жетишсиздигинен башка предметтик сабактарды окута турган мугалимдерге айлык төлөө мүмкүн эместигин айтышат. Адистер кандай жагдай болбосун медреселерде балдарга светтик билим берүүнү сөзсүз түрдө көбөйтүү керек деп эсептешет.

Агартуучулар диний сабак менен кошо химия, физика, геометрия, биология сыяктуу так илимий сабактар киргизилиши зарылдыгын эскертишет.

Педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов советтик доорго чейин Кыргызстандын аймагында болгон медреселер деле балдарды көп тараптуу окутканын буга чейин “Азаттыкка” айткан:

- Медреселердин тарыхына кайрыла турган болсок, алар Борбор Азияда 10-11-кылымдарда пайда болгон. Ошол медреселерден Ал-Фараби, Ибн Сина, Улукбек, Алишер Навои сыяктуу окумуштуулар жана философтор билим алышкан. Кыргызстанда болсо 1844-жылы Ошто Алымбек Датка медресе курган. 1858-жылдан баштап медреселерде мыкты адамдар билим алышкан. Айрым маалыматтар боюнча ошол кездеги медреселерде кадимки Молдо Нияз сабак берген. Демек, ал жерде поэзия да окутулган. Андан тышкары география, математика, астрономиянын негиздери окутулган. Тилекке каршы, медреселердин ошол мыкты салты азыр улантылбай жатат. Муфтият болсо диний билим берип, Куранды окутуп жатабы, балдар тартиптүү жүрөбү деген маселеге гана көз салат. Медреселерге мамлекеттик көзөмөл салышыбыз керек, аны колго албасак чоң көйгөйгө дуушар болушубуз мүмкүн. Демек медреседе окуган балдар мамлекеттүүлүктү бекемдөөчү күч боло албайт. Себеби, мектептен окуй албай качкандар медреселерге барып окушат. Ошон үчүн медреселер коомго эмне берип жатат деген суроо ачык бойдон турат.

Тарых илимдеринин кандидаты Шайырбек Шеров Кыргызстандагы медреселердин тарыхын жана абалын 2014-жылы толук изилдеп чыгып, диссертация жазган окумуштуулардын бири. Анын пикиринде, учурдагы ислам багытындагы билим берүүнүн деңгээли 19-кылымдын аягындагы жаңы усулдагы (жадидчилик) медреселер менен салыштырганда абдан эле төмөн. Бул тууралуу “Булан” институтунун баяндамасында айтылат. “Андагы физика, химия, психология, астрономия жана философиянын тарыхы сабактарын бүгүнкү медреселер окутмай тургай, анын жыты да жок” деп кейийт тарыхчы Шайырбек Шеров.

Муфтият улан-кыздарга диний билимден сырткары кошумча кесиптерге окута баштаган. Былтыр башталган долбоордун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги медреселерде балдар ширеткич жана электрик адистиктерине, кыздар тигүүчү жана ашпозчулукка окутулуп баштаган. АКШ элчилигинин колдоосу менен башталган долбоор жаштар арасында эктремизмди алдын алат деп мерчемделген.

ДИНИЙ БИЛИМДИН БАГЫТЫ КАНДАЙ?

“Булан” институтунун 2017-жылдагы иликтөөсү медреселерде сабаттуу жана жогорку билимдүү окутуучуларга муктаждык чоң экенин көрсөттү. Изилдөөдө Кыргызстандагы медреселерде жана башка диний окуу жайларда сабак берген диний аалымдар менен имамдардын 20% гана базалык диний билими бар экени расмий тастыкталган. Ал эми кээ бир медреселерде эки-үчтөн эле мугалим бар экени, сабактарды ошолор эле өтүп койгону да аныкталган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы медреселерди каржылоо көбүнчө араб өлкөлөрүнөн келген же ички кайрымдуулук уюмдардан түшкөн жардамга же садака сыяктуу мечиттерге түшкөн каражаттардын эсебинен болорун кабарлайт. Диний окуу жайлар мындан сырткары ата-энелерден жана коомчулуктан да жардам алып турушат. Бул маалыматтарды “Булан” институту да өз иликтөөсүндө жарыялаган.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов каржылоо ар кайсы булактардан болгону менен медреселердеги исламий таалим бирдей экендигине ишендирүүдө:

- Медреселерибиз агымдарга бөлүнбөйт. Бардыгы Ислам дининин ханафий масхабынын, ахли-сунна валь жамаат матруди акыйдасында гана окутуу жүргүзөт. Бардык медресеге барсаңыз бир программа, бир жобо. Мисалы, бардыгы ханафи масхабындагы хидая деген фикхти (укук), хадистен Имам Бухарини окутабыз. Окшош баары. Муну муфтият өзү, дин комиссиясы жана Ички иштер министрлигинин онунчу башкармалыгы карап, көзөмөлдөп турат. Ар бир медресе жылына эки жолу бизге отчет берет. Ал эми сапаты боюнча айта турган болсок, 2014-жылдан бери медреселердин ичиндеги диний билим берүү кыйла жакшырды.

Бирок эксперттер кээ бир медреселер кайсы бир агымдын же кайсы бир өлкөнүн багытын кошо үйрөтүп жиберген учурлар бар экенин белгилешет. Маселен, Сауд Арабиянын, Пакистандын диний идеологиясына негизделген үгүт-насааттар жана тарбиялар болушу мүмкүн экенин эксперттер четке какпайт.

Медреселерде билим берген окутуучулар ар кайсы өлкөлөрдөн билим алып келгени, алар балдарга кээде туура эмес багыттарды үйрөтүп жатканы да 27-мартта Бишкекте өткөн жыйында сынга алынды. Ички иштер министрлигинин өкүлү Манас Аманбаев бул көйгөй тууралуу мындай деди:

- Муфтият жана медресе жетекчилери бизде баары ачык-айкын дегендей маалымат берип жатышат. Мен буга кошула албайм. Жеринде барып медреселерди текшерген учурда, маалымат ала албай, тоскоолдуктарга учурайбыз. Экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү деген учурда да ар кандай маселе жаралат. Андан сырткары медреселерге сырттан келип жаткан каржылар кайсы мамлекеттерден, кандай күчтөрдөн алынганын ачык айтышпайт. Мында да күмөндүү суроолор бар. Албетте, медреселерде ар кайсы агымдарды окутат деп айта албайм, бирок ошондой коркунуч бар. Анткени чет жакта, салттуу исламга туура келбеген топтордон сабак алып келген окутуучулар иштеп жаткан фактылары бар. Медреседе билим алгандар терс жолго түшүп кетти деген конкреттүү факты жок, бирок эртеңки күнгө эч ким кепилдик бере албайт.

Медресе жетекчилери болсо алардын мекемелеринде туура эмес багыттарга окутуу дээрлик жоктугун билдиришүүдө.

Бишкектеги “Мааткабыл Шаршенбай ажы” медресесинин жетекчиси Мамбет Осмонов буларды айтты:

- Террористтик же экстремисттик топторго медреселерден чыккан адамдар да кошулуп кетиши ыктымал. Бирок ал ортодо бир эки ай эле келип, бизден толук билим албай калган учурда болушу мүмкүн. Адам медресени эмес, мамлекеттик окуу жайды бүтүп деле экстремист болуп калышы мүмкүн. Диний окуу жайды бүткөн адам дагы ошондой. Андан эч ким корголгон эмес. Тескери агымга кирсе, ал жазаланышы керек. Ар бир адам адашат, бирок мындайга жол бербегенге аракет кылыш керек. Биздин медреселердин программасы ошол жаштарыбыздын радикалдашып кетүүсүнүн алдын алуусуна негизделген. Балким бизден кеткенден кийин кайсы бир чөйрөлөргө кошулуп, ошентип туура эмес багытты карманып алгандар да чыгышы мүмкүн. Ошондуктан медресени бүткөн адамдар экстремист болуп кетип жатат деген сөз таптакыр туура эмес.

“Булан” өз иликтөөлөрүнүн алкагында кеңсесинде видео берүүлөрдү тартып, медреселердеги билим берүүнү реформалоо, алардын сапатын арттыруу жана башка маселелерди эксперттер менен талкуулап жатат. Бул мекеменин баракчасындагы талкууларынын бири:

МЕДРЕСЕ, ЧУУЛУУ ФАКТЫЛАР

Ошентсе да Кыргызстандагы медреселери менен экстремизм байланышкан маалыматтар анда-санда жарыяланып келет.

2014-жылы Орусиянын Алтай республикасынын прокуратурасы Бишкектеги чоң медреселердин бири - “Абдулла ибн Масуд” медресесин экстремисттик окуу жай деп маалымат тараткан.

Алтай прокуратурасынын жүйөсүндө аталган медресе Орусияда тыюу салынган “Таблиги жамаат” уюмунун идеяларын окутат. Анын негизинде Алтайдын Кош-Агач районунан Бишкекке кеткен өспүрүмдөрдүн ата-энесине административдик жаза катары эскертүү берген.

Орусияда “Таблиги жамаатына” экстремисттик уюм катары тыюу салынгандыктан жарандары бул багытта билим алышпайт. Буга чейин Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюму да "Таблиги жамаатты" экстремисттик уюмдардын катарына киргизген. Бул маалыматты ошо кезде медресени жетектеген, азыр муфтиятта иштеген Равшан Эратов четке каккан. “Таблиги жамаат” уюмуна Кыргызстанда уруксат берилгендиктен бул маселе ошол бойдон көз жаздымда калган.

Мындан башка учурларда медреседе окуган балдар-кыздардын кыргыз коомуна жат аракеттери талкуу жараткан. Маселен, 2016-жылы 22-апрелде Жалал-Абаддагы иш-чара учурунда мамлекеттик гимн ырдалганда медреседе окуган кыздардын ордунан турбай койгону мамлекеттик түзүлүштү тоготпоо катары сынга алынган.

Кыздар өздөрү муну “Куранда, динде андай жазылган эмес” деп түшүндүрүп, каршылыктын себебин айтып берүүнү каалашкан эмес. Кийин Жалал-Абад облустук казыяты ал кыздар окуган “Айша-Садык” медресине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чектелген.

Ошол эле 2017-жылы май айында, Ош шаарында өткөн иш-чаралардын биринде медресенин студент кыздары хижабын бетине чейин чүмкөнүп отурганын кээ бир активисттер “артка кетүү” деп мүнөздөшкөн.

Дагы бир коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуя медресе мугалиминин бачабаздык кылуу фактысы. 2012-жылы 10-июнда Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” медресинин Нурсейит аттуу 24 жаштагы мугалими тогуз жаштагы окуучуну зордуктоого шектелип кармалган.

Бала өзү жана анын ата-энеси да бул фактыны ырастап, милицияга арыз жазган. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, ал Жогорку Сотко чейин жеткен. Сот учурунда мугалим психикалык оорулуу экени кабарланып, иштин аягы кандай бүткөнү белгисиз.

Быйыл 3-мартта болсо Баткен облусундагы медреседе окуган 9-10 жаш чамасындагы балдарды мугалими сабаганы тууралуу тасма Интернетке чыкты. Анда жеткинчектер денесиндеги көгаланы чоң кишилерге көрсөтүп, устаты аларды эреже бузганы үчүн чыбык менен сабаганын, үйдөгүлөргө кабарлайын десе телефондору жок экенин айтышат.

Баткен облустук милициясынын расмий маалыматына ылайык, окуя 2017-жылдын 12-июлунда Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жайгашкан "Имам Азам" атындагы медреседе болгон.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна кабарлагандай, молдо иштен айдалган, бирок ага мыйзамдуу чара көрүлгөн эмес.

- Күбөлөр муфтиятка ошол эле учурда маалымдашкан. Андан соң комиссия түзүлүп, шектүү мугалимди иштен алганбыз. Медресе мүдүрүнө да эскертүү берилген. Өлкөдөгү бардык медреселерге да эскертилип, мындай окуялар кайталанбашы керек экендиги айтылган, - деген Атабаев.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын эртеси бул боюнча жергиликтүү тургундан билдирүү түшкөнүн, аны Кадамжай райондук милициясы иликтөөгө алганын маалымдады.

Балдарды чыбык менен сабап "тартипке чакырган" молдо - Исфайрам айылынын 27 жаштагы тургуну. Анын аты-жөнү ачык айтылган эмес. Ал милицияга берген маалыматында эки бала уктап жаткан досторунун бетине сыя менен чийип, шоктук кылганы үчүн эскертүү иретинде чыбык менен чапканын билдирген.

Окуучулардын ата-энелери соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, "эч кандай дообуз жок" дегенден кийин кылмыш иши ачылган эмес. Кадамжай райондук прокуратурасы милициянын бул чечимин текшерип, өзгөртүүсүз калтырган.

Кыргызстанда медреседе билим алып, кийин Сириядагы согушка катышкан балдар да болгону буга чейин айтылган.

Маселен, 2015-жылдын октябрында Сириядан деген видео тасма тараган. Алты мүнөттөн ашыгыраак ал видеодо колуна автомат кармаган, каз-катар тизилген түрдүү улуттагы ондон ашык адам Орусиянын Сириядагы аракетин кескин айыптап, коркутуп-сестентип кайрылуу жасаган. Алгач арабча айтылган кайрылууга ошол жерде тургандар өз тилинде үн кошкон. Арасындагы жигит кыргызстандык экени сүйлөгөн сөзүнөн билинип турат.

Маалыматка караганда, ал 23 жаштагы кыргызстандык Аскарбек Андабаев экени айтылган. Атасы каза болуп калгандан кийин апасы эки уулун алып төркүнүнө келген жана Аскарбек бир тууган агасы болуп таякелеринин колунда чоңойгон. Үч-төрт жыл мурун апасы балдары менен Бишкекке көчүп келген, медреселердин биринде окуган. Маалыматтарда ал Баткенде туулуп-өскөн.

Ошентип Кыргызстанда ислам багытындагы диний окуу жайларды жакшыртуу жана андагы билим берүүнү реформалоодо көп маселелер чечилбеген бойдон калууда.

“Булан" институту Кыргызстанда диний билимге муктаждык бар болгондон кийин, диний окуу жайлар иштеши керектигин, бирок ошону менен катар бул чөйрөнү тартипке салып, билимдин сапатын жогорулатуу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын билдирүүдө. Мекеме медреселерде диний билимден сырткары, сөзсүз түрдө светтик билим берүү талабы кынтыксыз аткарылууга тийиш экенин эскертет. Ошондой эле, медреселердин басымдуу бөлүгү жатак түрүндө болгондуктан, аларда окуган балдар-кыздардын жашоосуна тийиштүү шарттар түзүлүп, санитардык абалды талапка ылайык кылууга чакырат.

“Булан” институтунун адистери ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте Муфтият светтик сабактарды камтыган бирдиктүү окутуу программасын иштеп чыгышы жана киргизиши керектигин да белгилешет.

Муфтият болсо бул жаатта Билим берүү министрлиги жана дин комиссиясы менен иштөөсүн ыкчамдатып, медреселердин шартын жана аларда билим берүүнү жакшыртуу аракеттери уланарын убада кылууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...