Акыркы макалалар

Бишкекте велосезондун ачылышы болду

Бишкекте велосезондун ачылышы болду

Бүгүн, 1-апрелде Бишкекте велосезондун расмий ачылышы болду.

Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан “Мегаком” уюлдук компаниясынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында иш-чара велоспорт жана велотуризм федерациясынын катышуусунда уюштурулду. Сезондун ачылышына 1500гө жакын велосүйүүчү катышты. Алар борбордогу Уркуя Салиеванын эстелигинен түштүк дарбазадагы Жеңиш паркына чейин веложүрүш жасашты.

Велосезондун ачылышы 12 жылдан бери өтүп келет. Иш-чара сергек жашоону даңазалап, шаардыктарды велосипед менен жүрүүгө үндөйт. Айрым адистер Бишкекте велосүйүүчүлөр жыл санап көбөйүп жатканын белгилешет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...