Акыркы макалалар

Бишкекте интеллектуалдардын эл аралык жолугушуусу өтөт

Бишкекте интеллектуалдардын эл аралык жолугушуусу өтөт

Эксперттер Евразияда чөлкөмдөгү радикалдык-экстремисттик жараяндардын алдын алуу жолдорун талкуулайт

Борбор калаада "Евразияда бирдикте жашоо тажрыйбасы" деп аталган интеллектуалдардын VI эл аралык жолугушуусу өтөт. Бул туурасында "Сереп" изилдөө институтунан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан, Кытай, Россия, Түркия, Казакстандын эксперттери Евразияда чөлкөмүндөгү радикалдык-экстремисттик жараяндардын алдын алуу жолдорун талкуулайт. Миграция маселеси жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору туурасында да кеп болот.

Аталган жолугушууну Илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн эл аралык институту, Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институту, Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңеши, КРдин Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жана "Сереп" изилдөө институту биргеликте уюштурууда.

Иш-чара 2-апрелде борбор калаадагы отелдеринин биринде өтөт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...