Акыркы макалалар

Калматова: Камсыздандыруу полиси үчүн күн сайын 5 сом төлөнөт

Калматова: Камсыздандыруу полиси үчүн күн сайын 5 сом төлөнөт

Камсыздандыруу полиси айдоочулардын өзүнө пайдалуу. Айдоочу кырсыкка учурап, унаада бараткандар каза тапса, камсыздандыруу компаниясы киши башына 310 миң сомдон төлөп берет. Бул тууралуу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» камсыздандырууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бурул Калматова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тарифтер унаанын орундуктарына, жүргөн аймагына, автоунаанын түрүнө жараша өзгөрөт. Камсыздандыруу полиси үчүн 4 орундуу унаалар жылына 546 сом, шаардын ичинде жүргөн 15 кишилик кичиавтобустар 2049 сом, шаардын сыртындагылар 3700 сом төлөйт. Бир күнгө бөлгөндө 5 сомдон туура келет.

«Базалык тарифтин коэффициенти 00.45. Такси, кичи автобустарга 1.2, шаар ичинде 0.8 шаар сыртына 1.8ге көтөрүлөт. Айдоочу унаанын жүргүнчүлөрүн гана камсыздандырат. Алар камсыздандыруу полиси үчүн каралган сумманы бир жыл аралыгында бөлүп төлөсө болот. Айдоочулар кайдыгерликтен улам камсыздандыруудан качып жатышат,»— дейт Калматова.

Маалыматка ылайык, шаарда 18 камсыздандыруу компаниясы бар. Алардын барында камсыздандыруу полисинин баалары бирдей.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...