Акыркы макалалар

Кримавторитет Азиз Батукаев изделүүдө

Кримавторитет Азиз Батукаев изделүүдө

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаевге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргызстандын ичинде издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, Нарын шаардык соту 2013-жылдын 9-апрелиндеги токтомун жокко чыгарып, ошонун негизинде издөө жарыяланган.

Ошондой эле, Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлагандай, А.Батукаевге эл аралык издөө жарыялоо чечимин Ички иштер министрлиги же Башкы прокуратура кабыл алышы керек.

Батукаев “айыккыс дартка чалдыккан, узакка жашабайт”, деген диагноз менен сот чечимине ылайык, абактан мөөнөтүнөн мурда бошогон. Ошол кезде баш прокурор Аида Салянова мыйзам бузуу болгон эмес деп билдирген. Ал эми бир ай мурун Башкы прокурор парламентте отчет берип жатканда, Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошонуп кетишинин жаңы жагдайларына байланыштуу кылмыш иши ачылганын билдирип, ага эл аралык издөө жарыяланышы мүмкүн деп айткан эле.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту 16 жылга кесилген Азиз Батукаевди айыккыс дартка чалдыкты" деген негизде бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...