Акыркы макалалар

Хоккей боюнча финалда «Ала-Тоо Дордой» менен «Кыргыз темир жол» күч сынашат

Хоккей боюнча финалда «Ала-Тоо Дордой» менен «Кыргыз темир жол» күч сынашат

Кечээ, 6-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин жарым финалынын жооптук беттештери орун алды.

Шаардык муз тебүүчү аянтта «Кыргыз темир жол» менен «Чолпон-Ата» командалары кез келди. Беттештин жыйынтыгында «Кыргыз темир жол» командасы атаандашын 9:0 эсебинде жеңип финалга аттанды.Жарым финалдын жалпы жыйынтыгында «Кыргыз темир жол» командасы 18:1 эсебинде «Чолпон-Ата» командасынын үстүнөн жеңишке жетти.

Эми финалда «Кыргыз темир жолу» — «Ала-Тоо Дордой» командасы менен беттешсе, 3-орун үчүн беттеште «Кеңеш» менен «Чолпон-Ата» командалары күч сынашат.

Финалдык оюндар эртең 8-апрелде орун алат. Анда 3-орун үчүн беттеш саат 8:30да өтсө, 1-орун үчүн беттеш саат 18:00дө өтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...