Акыркы макалалар

Депардье Гүлнара Каримованын киносуна тартылат

Депардье Гүлнара Каримованын киносуна тартылат

Өзбек диктаторунун кызы Депардьени өзүнүн тасмасындагы башкы ролго чакырды

ММК берген маалыматка таянсак, француз актеру Жерар Депардье Өзбекстандын катаал диктаторунун кызы тарабынан жазылган драмага тартылмакчы.

Өзбекстандын президентинин чуулгандуу кызы XVI кылымдагы Борбор Азия тууралуу тасманын авторлошу болду жана Депардье бул тасмада европалык кечилдин ролун аткармакчы.

Каримов Өзбекстанды жыйырма жылдан бери башкарып келет жана ага «куралсыз демонстранттарды аткан, кишилерди тирүүлөй кайнатып коет» деген дооматтар айтылып жүрөт. Өзбектердин басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашаганына карабай, Каримова ак сөөктөрдүн жашоосун баштан кечирип, зер буюмдар менен кийимдердин дизайнери болуп саналат жана бир аз мурда эл аралык коомчулукка өзүнүн ысымы менен чыгарган атырды алып чыкты.

Ал ошондой эле өз даражасын өз өлкөсүндөгү иштеп жаткан бизнесмендерди коркутуу жана конфикация жолдору үчүн пайдаланат деп айыпталып келет. Бирок ал дайыма тагылган дооматтарды четке каккандан талыбайт. «Гугуша» деген каймана ысым аркылуу ал поп стилиндеги ырларды аткарат жана бир аз мурда «Өзбекстандын экзотикалык сулуусу» деген аталышта Американын рыногуна кирүүгө аракет кылып көрдү.

Өзбек тасмасын тартуу качан башталаары жана француз актеруна канча төлөп беришери белгисиз болуп турат. Депардье эң акыркы жолу жинди чалыш кечил Григорий Распутиндин ролун аткарган болчу. Тарыхый драма Россияда тартылып жана француздар тарабынан каржыланган. Ал ошондой эле бир катар төшөк чатактарына айыпталган Эл аралык Валюта Фондунун мурдагы башчысы Доминик Стросс-Кандын дагы ролун ойноого тийиш.

Депардье үчүн өзбек тасмасы постсоветтик мейкиндикте карама-каршы фигурадагы ролду ойной турган биринчи роль эмес. Өткөн айда ал Чеченстандын адам укуктарын бузат деп кине тагылып жүргөн президенти Рамзан Кадыровдун туулган күнүнө катышкан. Өткөн жылы буга окшогон иш-чарага катышкандан соң Голливуддун актрисасы Хилари Суонк эл алдында кечирим сурап, төлөнгөн гонорарын кайрымдуулук уюмуна берген, мындан тышкары ал Кадыровдун башкаруу мүнөзү жөнүндө айтып койбогону үчүн өзүнүн менеджерин иштен бошоткон. Бул быйыл Депардьенин Кадыровдун туулган күнүнө келишине жолтоо болгон жок. Ал тургай актер орус тилинде «Кадыровго даңк!» дегенди кыйкырганга дагы үйрөнүп алыптыр.

2010-жылы ал Санкт-Петербургда өткөн кайрымдуулук иш-чарасына катышкан. Иш-чара шишик оорусу менен ооруган балдарга акча которууга арналган болчу. Ага ошондой эле Владимир Путин да катышып, «Blueberry Hill» деген ырды аткарган. Москвадагы маалымат булагы майрамдык кечеден кийин Депардье менен Путин достошуп кетишкенин жана бир аз мурда актер Россиянын президентинин Подмосковьедеги дачасында бир нече саат болгонун айтты.

Өткөн жайда 63 жаштагы актер Дублинге бара жаткан учактын жүргүнчүлөр ары-бери басчу жерине заара ушатып салып, өзү менен кошо бараткан жолоочулардын жүрөгүн түшүргөн. «Мен - пилмин. Суюктугум көп», - деп түшүндүргөн ал өзүнүн жоругун.

Өзүнүн акыркы тасмасында ал «Астерикс» окуялуу мультфильминин төртүнчү бөлүгү болгон «Астерикс менен Обеликс: Улуу урматуунун кызматында» деген фильмде Обеликстин ролун аткарган.

Шон Уолкер

«Independent», 2-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...