Акыркы макалалар

Нарын районунун төрт айыл өкмөтүндө жайыттардын абалын баалоо боюнча окуулар өтүүдө

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбооруна Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Эмгекчил жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси сынамык катары тандалып алынган. Долбоор алкагында жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баа берүүгө арналган алгачкы окуу Орток айыл өкмөтүнүн Эки-Нарын айыл өкмөтүндө өттү.

Окуу-тренингге сынамык катары алынган айыл өкмөттөрдөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кызматкерлери, жайыт комитеттери чакырылып, теория жана практикалык түшүндүрмөлөр берилди.

“Жайыт абалын билүү негизи маселе болууда. Жайыттардын абалын билип, түшүмдүүлүгүн аныктай албасак, жайыт башкаруу планын түзө албайбыз. Жайыт баалоонун мааниси өтө чоң. Буга чейин ата-бабалар жайыттарды ырааттуу түрдө пайдаланып келишкен, биз аны кагазга түшүрүп, жөнөкөй план иштеп чыгышыбыз керек, ал өлкө аймагы боюнча таралат”, - дейт Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт депатраментинин адиси Урмат Мырзакматов.

Анын айтуусунда, жайыт башкаруу планына жайлоолордун жалпы мүнөздөмөсү, жайлоого чыккан мал саны, сыйымдуулугу, түшүмдүүлүгү, малчылардын көчүү-конуу графиги, тоют балансы, ветеринардык алдын алуу иш-чаралары, жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу бир катар маселелер камтылышы керек. “Учурда жайыт абалын баалоо чет өлкөлөрдүн кайчылаш сызыктар ыкмасы менен республика аймагында жүрүүдө. Бирок буга альтернативдүү дагы бир ыкма менен иш алып баруу колго алынат. Эки ыкманын жыйынтыктарын көрүп андан соң жайыт абалын жакшыртуу боюнча бир ыкма иштелип чыгат”, - дейт У.Мырзакматов.

Окуунун экинчи бөлүгүндө катышуучуларга Эки-Нарын айылынын Чырпыкты жайлоосунда, жайыт баалоонун, кайчылаш ыкмасы практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Ал эми 20-июнь күнү Миң-Булак, Эмгекчил жана Дөбөлү айыл өкмөттөрүндө жакынкы жайыттарда аталган ыкма көрсөтүлүп, жайыт баалоонун практикасы үйрөтүлөт.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору Айыл чарбасын өнүктүрүү эла аралык фондунун колдоосунда, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен АРИС уюму ишке ашырууда. Бул долбоорго Ысык-Көл облусунун төрт жайыт башкаруу бирикмеси кирет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...