Акыркы макалалар

Кыргызстан-Америка мамилеси татаалдашкан

Кыргызстан-Америка мамилеси татаалдашкан

Жогорку Кеңеште тармактык комитет Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогуловго ишиндеги кемчиликтери үчүн эскертүү берди. Анткени АКШдагы кыргыз диаспорасы менен иш начар жүрүп жатат деп дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин дарегине бир нече жолу даттануулар келип түшкөн. Токтогуловдун отчетту жабык эшик артында талкууланды.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында алгач эле АКШдагы Кыргызстандын элчисинин отчеттун жабык эшик артында кароо сунушталды. Муну Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова айтты. Ал аталган маселе эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге байланыштуу болгондуктан жабык кароону туура көрдү.

Бирок комитет мүчөлөрү элден жашыра турган эч кандай маселе жок экенин белгилешип, ачык эле отчетту угуу пикирин билдиришти.

Мындан улам элчинин баяндамасы ачык эле угулуп, бирок суроо-жооп жабык эшик артында улана турган болду.

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогулов акыркы эки жылдагы элчиликтин иштери тууралуу учкай маалымат берди. Анын маалыматында, маанилүү жетикендиктердин бири 2016-жылы Америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин түзүлүшү болду.

-Кыргыз ишкерлердин Америкага барып, жолугушууларды уюштурууга элчилик тарабынан жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет кылуудабыз. Ошондой эле кыргыз парламенти менен АКШ парламентинин алакаларын жакшыртууга да аракеттер жүрүп жатат. АКШ президенттинин сый тамагына катыша турган депутаттардын санын бешке жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

АКШ менен кызматтышуу Кыргызстандын тышкы саясатынын башкы багыттарынын бири болуп саналат. Өкүнүчкө ылайык, аталган өлкөнүн администрациясы менен кызматташуу татаалдашып кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова билдирди. Буга Бишкектеги АКШнын авиа базасынын чыгарылышы себеп болгон.

—Эки өлкөнүн мамилелери татаалдашып, начарлады. Анткени Кыргызстандан Американын авиа базасын чыгаруу чечими түрткү болгон. Буга карабастан өлкө АКШ менен констриктивдүү жана пайдалуу мамилелерди курууга даяр. Министрликтин коллегиясында элчиликтин 2017-жылдагы ишмердүүлүгү жакшы баага ээ болду.

Баяндамалардан кийин отурум жабык өттү. Анда кабыл алынган чечимдер тууралуу депутат Абдувахап Нурбаев айтып берди.

Анын маалыматына ылайык, элчи Токтогуловдун ишиндеги кемчиликтери үчүн эскертүү берилди.

— Комитет Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловдун отчетун угуп, депутаттар анын ишинде бир топ кемчиликер бар экенин айтуу менен эскертүү беришти. Анда эки мамлекеттин ортосундагы байланыштар, Токтогуловдун «Freedom House» менен «Human Rights’тын» Кыргызстан тууралуу айткан айрым жаман пикирлери боюнча салым кошуп иштебегени, жарандарды кабыл албай койгону тууралуу маселелер каралды. Ошондой эле, анын аталган өлкөдөгү кыргызстандык студенттер жөнүндө маалыматы жок экен. Жыйында өлкөдөгү «Тынчтык» корпусунун ыктыярчылары, мамилелердин салкындыгы тууралуу маселелери да козголду.

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 2014-жыл дайындалган. Ага чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы болуп иштеп турган.

Эске салсак, Кыргызстан менен АКШнын дипломатиялык алака-катышы тууралуу негизги келиши 1991-жылы жылдын этегинде түзүлгөн. АКШнын Бишкектеги элчилиги 1992-жылы февраль айында ачылган. 1993-жылдагы кызматташууну жеңилдетүү тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин алкагында расмий Вашингтондон ар кандай программалар аркылуу эки миллиард доллардай жардам келген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...