Акыркы макалалар

1-сентябрда окуучулар бирдиктүү форма менен келишет

1-сентябрда окуучулар бирдиктүү форма менен келишет

2013-жылы Кыргыз республикасында "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамына улуттук колориттеги бирдиктүү мектеп формасын киргизүү боюнча өзгөртүү киргизилген.

Ошонун негизинде 1-11-класстын окуучуларынын мектеп формасына бирдей талапты иштеп чыгуу, улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү максатында сынак жарыяланып, анын 1-2-3-этабы өткөн.

Бирдиктүү форманы киргизүү эмнеден келип чыкты?

Жыл башында Кыргызстандын мектептеринде бирдиктүү форма кийүү маселеси жогорку деңгээлде көтөрүлгөн. Мектеп окуучулары кыска юбка, бийик шиш такаларды кийип, мектепке эмес салонго келгендей абал болуп жатканы жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары да сөз кылган. Андан тышкары окуу жылы башталганда эле диний жолго түшкөн үй-бүлөнүн кыздары хиджаб кийип, жоолук салынып, атүгүл физкультура сабактарына катышпай, ата-энелери биздин укугубузду бузуп жатышат деп арызданган учурлар дайыма эле болуп келет.

Ушундай абалдан улам Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын бардык мектептерине милдеттүү бирдей форма иштеп чыгуу үчүн сынак жарыялаган.

Негизи эле биздин мектептерде милдеттүү түрдө кийиле турган бирдиктүү форма жок, анын ордуна окуучулар үстү ак, асты кара кийим кийиши керек деген гана талап бар. Бишкектеги мектеп мугалимдери колунда бар үй-бүлөнүн балдары аябай кымбат кийимдерди кийип келип, колунда жок окуучуларды кемсинткен учурлар болуп жатканын айтышууда. Мындай көрүнүштөр окуучуларды суицидге түрткөн учурлар да бар экенин жашырышпайт.

2008-жылы да өкмөт Кыргызстандын башталгыч мектептеринде бирдиктүү форма киргизүү жөнүндө сынак жарыялап, башталган иштер аягына чыкпай калган. Ал ортодо кийинки жылдары динге берилип, мектепке жоолук салынып келген кыздардын көбөйүп жатканы коомдо кабатырланууну пайда кылууда. Билим берүү министрлиги бирдиктүү форманы милдеттүү түрдө киргизүүгө камынып жатканы бир жагынан ошондой динчил күчтөрдүн мектепке болгон таасирине бөгөт коюу максатын көздөгөнүн айтат.

"Окуучулардын бирдиктүү формасын ата-энелер тандайт"

2014-2015-окуу жылына карата мектеп окуучулары үчүн атайын бирдиктүү форманы тандоо боюнча иш алып барып жаткан Билим берүү министринин орунбасары Доктургүл КЕНДИРБАЕВАны кепке тарттык.

- Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма киргизүү боюнча талкуунун болуп жатканы жакшы, форманы быйылкы окуу жылына даярдап үлгүрүүгө болобу?

- Бүгүнкү күндө окуучулардын бирдиктүү формасынын үлгүлөрүн тандоонун акыркы этабы жүрүп жатат. "Улут жүзү" деген коомдук бирикме Билим берүү министрлигинин демилгесин колдоо менен учурда СМС аркылуу интернетте талкуу болуп, добушка коюлган. Теледен формалардын жарнактары кетип жатат. Биз дагы бул боюнча талкуу жүргүздүк. Акыркы этабында мыкты форманы тандоо элдин талкуусуна коюлду. Бул зарылдык былтыр 2013-жылдагы Билим берүү мыйзамына өзгөртүү киргизилгенден башталды. Билим берүү министрлиги ошонун негизинде Кыргызстан боюнча мектеп формаларынын эскизин тандап алып коомчулук менен бирдикте ачык-айкын сынак жарыяланган. Бул їчїн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Биринчи, экинчи, үчүнчү этабы Билим берүү министрлигинде өткөрүлдү. Акыркы финалдык жыйынтык биргелешип өтүп жатат. Бул бирдиктүү мектеп формасы республикабыздагы бардык мектептерге сунушталат. Негизи бул жерде акыркы чечим эне-аталарда гана. Биз аларга шарт гана түзүп беребиз. Азыр бул форма боюнча тармактык комиссия түзүлгөн. Анын ичинде Айыл чарба министрлиги, Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Саламаттык сактоо министрлигинен да бар. Формалар тигиле турган кездеменин балдардын ден соолугуна коопсуздугу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги да өз жыйынтыгын берет. Ал эми баалар боюнча Экономика жана финансы министрлиги жыйынтыгын чыгарат. Буюрса сентябрга даяр болот деп жатабыз.

- Бул формалардын орточо баасы канча сом болот?

- Биз бул форманын баасы 2000 сомдун тегерегинде болуш керек, ушул суммадан ашпашы керек деп жатабыз. Бул жерде коомдун бардык катмарын эске алуу менен ушундай орточо бааны сунуштадык. Бирок бааны биз көзөмөлдөй албайбыз.

Казакстан, Өзбекстан, Россия да атайын бирдиктүү форманы тигүүнү колго алыптыр. Буюрса өзүбүздүн улуттук өндүрүшчүлөргө ушул форманын эскизи тигүүгө берилет. Азыркы даярдала турган бирдиктүү форма үч баскычтан турат. Башталгыч класстар үчүн өзүнчө, орто негизги класстар жана бүтүрүүчү класстар үчүн өзүнчө формалар тигилет. Сезонго жараша жаз, кыш, күз болуп даярдалып, балдардын жашы, өзгөчөлүгү, физиологиясы да эске алынат.

- Кыргызстандагы бардык мектеп окуучуларын бирдиктүү форма менен камсыздоо үчүн кимдер менен иштешесиздер?

- Жеңил өнөр жай ассоциациясынын жетекчилери бар эмеспи. Алардын Кыргызстанда миңдеген фирмалары бар. Аларга талап бирдей коюлуп, Энергетика жана өнөр жай министрлиги аркылуу стандарт түшүрүлөт. Бардыгы ошол стандартка ылайык тигилиши керек. Бүгүнкү күндө бирдиктүү мектеп формасын арзан баада тигип беребиз деп башка өлкөлөрдөн да сунуштар түшүп жатат. Мисалы Түркиядан ушундай сунуштар түштү. А биз мындай рынокко таасир эте албайбыз. Бирок биз рыноктогу стандарттарга өз талабыбызды кое алабыз.

- Аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдиктер барбы? Бир үйдө беш бала мектепке барса, ата-энеси он миң сомго ал форманы сатып бере алышабы?

- Кароосуз, мамлекеттик камкордукта турган балдарга жеңилдиктер бар. Ошондуктан биз эң кымбат дегенде 2000 сом болушу керек деген талапты коюп жатабыз. Бирок баасы мындан да арзан болуп калышы мүмкүн.

- Сентябрь айы башталгандан кийин эле мусулманчылыкка берилген кыздар хиджаб кийип мектепке барып, аларды киргизбей, айтор биртоп чыр- чатактар дайыма коштолуп келет. Бул жагы кандай болот?

- Бир чети Кыргызстандагы мектеп окуучулардын жалпы бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө ушул көйгөй да түрткү болду окшойт. Мисалы, башка динди тааныган өлкөлөрдү карайлы, Индонезияда мусулмандардын саны абдан жогору. Бирок ал жерде мамлекеттик мекемеде мамлекеттик саясат жүрүшү керек. Мектеп окуучусу мамлекетте билим алып жаткандан кийин мамлекеттик мыйзамга баш ийүүсү керек. Биз ар ким өз каалагандай кийүүгө жол бербешибиз шарт. Эми бул боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Август айында формалар тигилип, сатыкка чыгышы керек. Эми ушул айдын аягында сынактын жыйынтыгы чыгат. Сынакта жеңген форманын эскиздери жөнөтүлөт да ошонун негизинде тигиле баштайт. Биздин мамлекетте тигүү боюнча атаандаштык күчтүү, рынок мыкты иштейт. Сыртка чыгып жаткан товардын баары ушул мектеп формасына кармалып калышы мүмкүн. Бул формалардын кездемелери Кыргызстандагы камволдук-нооту комбинатынан чыгарылат. Улуттук колориттер кошулган формалар да сынакка келип түштү. Эми добуш берүүгө коюлган кийимдердин кайсынысы алдыга озуп чыгат, аны убакыт көрсөтөт.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...