Акыркы макалалар

Молдалиев: КСДПнын оппозициялык тажрыйбасы чоң

Молдалиев: КСДПнын оппозициялык тажрыйбасы чоң

Социал демократтар партиясынын саясий кеңешинин отуруму өттү. Ага партия лидери Алмазбек Атамбаев да катышып, партиянын төрагасынын орун басарлыгына Асель Кодуранова, Сапар Исаков жана Мурадыл Мадеминовдор дайындалды. Партия лидери Атамбаев буга чейинки орун басары Фариз Ниязовду туулган күнү менен куттуктап жатып, Ниязов эң кыйын учурда да принциптен кайтпаган ишенимдүү адамы катары келгенин айтты. Биз Социал демократтар партиясынын саясий кеңешинин курамы жөнүндө “Күн чекит” программасында саясат талдоочу Орозбек Молдалиев менен маек курдук.

Марал: Бүгүн КСДПнын саясий кеңеши жыйынга чогулуп, анда партиянын төрагасынын орун басарлары шайланды. Эми саясий кеңештин курамы толук жаңыланышы мүмкүнбү?

Орозбек Молдалиев: Социал демократтар партиясынын саясий кеңешинин курамында отуздан ашык киши бар. Мурда төраганын орун басарларынан бегилүүсү эле Фарид Ниязов болчу. Ал президенттик шайлоо өткөндө КСДПнын штабын, партиянын курултайын өткөрүүнү да жетектеди. Эми партиянын лидери азыркы кырдаалга байланыштуу орун басарларын үчкө чейин көбөйттү.

Партиянын ичинде кайра түзүүлөр болуп, ишти башкача багытта алып барсак деген пландары болсо керек. Анткени мурда Атамбаев президент болуп турганда партиянын акыбалы башкачараак болчу. Азыр бийликтен кеткен лидердин партиясы болуп жатат. Ошондуктан дагы бир топ өзгөртүүлөргө барышы мүмкүн. Саясий кеңештин курамынан дагы айрымдары чыгып кетиши мүмкүн.

Марал: Атамбаев президент болуп турганда эле КСДП партиясы тазаланууга муктаж экенин айткан. Бүгүнкү саясий кеңештеги чечимдер ошол айтканынын белгисиби?

Орозбек Молдалиев: Атамбаев муну менен партиянын мүчөлөрүн жана парламентке шайлана турган мүчөлөрү жөнүндө айткан. Себеби 5-чакырылыштагы депутаттар жөнүндө да “мен тандап жатканда бир кишиден жаңылып калыптырмын”, — деп анын фамилиясын да атаган. Бүгүнкү саясий кеңештин чечимдери ошол айткандарынын уландысы болушу мүмкүн.

Марал: КСДП фракциясынын жана партиясынын ичинде мурдагы президент Атамбаев жана азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду колдогондор болуп эки топко бөлүнүп калганы айтылууда. Окуя ушул бойдон өнүгө берсе КСДП оппозицияга өтүшү мүмкүнбү?

Орозбек Молдалиев: Азыркы учурда Социал демократтар партиясынын оппозицияга өтүшүно толук негиздер деле бар. Бирок ошол эле учурда, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициядан чыгып кетсе эч кандай деле утушка жетишпейт. Себеби “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги эки комитеттин жетекчилигин алды. Ошондуктан КСДП оппозицияга барганда добуш алуусу да күмөн.

Марал: Эгер барса курч оппозиция боло алабы?

Орозбек Молдалиев: Негизи КСДП оппозицияга өтсө жакшы болот. Себеби бул партиянын оппозициялык тажрыйбасы да чоң. Ошондуктан өлкө саясатынын өнүгүшү, КСДПнын өзү үчүн деле азыр оппозицияга барганы жакшы.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...