Акыркы макалалар

Кыргызстанда кыздардын 12%ы 18 жашка чейин турмуш куруп, 99%ынын жашоосу ажырашуу менен аяктайт

Кыргызстанда кыздардын 12%ы 18 жашка чейин турмуш куруп, 99%ынын жашоосу ажырашуу менен аяктайт

Ошто жашы жете элек кезде турмушка чыккан кыздардын арасында ажырашуулар көп катталып жатат. 16, 17 жашында турмуш курган кыздар үй-бүлө турмушун улап кетүүдө тажрыйбасыз болуп, бала багууда да кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат.

Статистика боюнча 18 жашка толо элек турмуш кургандардын 99%ы ажырашуу менен аяктайт. Алардын басымдуу бөлүгү дене мүчөсү толук жетиле элек болгондуктан, кайын журтундагы оор жумуштардан улам ден соолугунан ажырашат. Учурда ушундай көйгөйлөрдү чечүү максатында Ош облусунун аймактарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул көйгөйгө байланыштуу Кара-Суу районунун нариман айыл өкмөтүнүн 16 айылында кыздарды жаш турмушка узатуунун зыяндуу жактары айтылды.

“Эрте жашында турмуш куруунун кесепети болуп, биринчиден ажырашуу саналат. Андан кийин майып балдардын төрөлүп жатышы жанды кейитет. Бул көйгөй бүтүндөй өлкөнүн көйгөйү, өкмөткө зыяны тийип жатат. 18 жашка чейин нике күбөлүгү берилбегендиктен, энелер жалгыз бой эне болуп катталат ”,- дейт Нариман айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн башчысы Лолахон Нишонова.

Маалым болгондой, Кыргызстандагы кыздардын 12.2%ы 18 жашка чейин турмуш курушат. Бул көрсөткүч айыл жергесинде 14,2 %ды түзөт. Шаар жергесиндеги эрте никеге туруунун статистикасы 9,7%ды көрсөтөт.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...