Акыркы макалалар

Кыргызстандык студент Түркиядагы телешоуда 7000 доллар утуп алды

Кыргызстандык студент Түркиядагы телешоуда 7000 доллар утуп алды

Кыргызстандык кыз катышкан интеллектуалдык көрсөтүүнүн чыгарылышын ATV түрк каналы ушул дүйшөмбү күнү көрсөткөн.

Кыргызстандык Евгения Кривенко Түркиядагы "Миллионер болгуң келеби?" аттуу интеллектуалдык теле программанын коногу болгонун Haberler.com басылмасы маалымдады.

Кыргызстандык кыз катышкан интеллектуалдык көрсөтүүнүн чыгарылышын ATV түрк каналы ушул дүйшөмбү күнү көрсөткөн. (34-мүнөттө башталат)

"Ал 9-суроого чейин жеткен. Андан кийинки суроонун так жообун билбей койгондуктан уткан суммасын алып кетүүнү чечкен", — деп жазылат маалыматта.

Басылманын билдирүүсүнө ылайык, башында 15 миң лира алууну максат кылган кыз, көрүүчүлөрдү 30 миң лира (7 миң доллар) утуп таң калтырган.

Маалым болгондой, Кривенко Измир шаарында "Тогузунчу сентябрь" университетинде магистратурада окуйт. Ал утуп алган акчасына Кыргызстанда жашаган ата-энесине Түркияны көрсөтөрүн айткан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...