Акыркы макалалар

15-майдан тартып көчмө лаборатория менен жолдордун сапаты текшерилет

15-майдан тартып көчмө лаборатория менен жолдордун сапаты текшерилет

15-майдан тартып атайы көчмө лабораториянын жардамы менен жолдордун сапаты текшериле баштайт. Бул туурасында транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Инновациялык өндүрүш борборунун аткаруучу директору Эмил Таштаналиев “Марал” радиосуна билдирди. Анын айтымында биринчи текшерүү Аламедин-Красная речкадан башталат.

“Бул көчмө лаборатория 250 миң долларга алынып келинген. Жол жасап жаткан компаниялар алган. Бул лабораториянын жакшы жагы жүрүп баратып, жолдун сапатын текшерет, канчага жасалганын, кайсы жерин оңдош керек экенин аныктап, паспорт жасайбыз. Мындайды коррупциялык көрүнуштөр да жок болот деп ишенебиз. Бул Кыргызстан боюнча биринчи жолу кирип жатат”,-деди ал.

Маалыматка ылайык, паспорт биринчи кезекте өлкөнүн түндүк аймагындагы жолдорго жасалат. Бирок иш-чаралардын жүрүшү пландан кечигип жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...