Акыркы макалалар

Туристтерди тынчсызданткан тамак аш эмес, даараткана

Туристтерди тынчсызданткан тамак аш эмес, даараткана

Жакында эле Ысык-Көлдөгү Аврора санаторийинде катталган уулануудан кийин коомчулукта өлкө туристтик сезонго даярбы деген суроолор туула баштады. Айрымдар абройлуу делген эс алуучу жайдын санитардык абалы ушундай болсо, башка жайларда кандай деген күмөн ойлор жаралганын айтышууда. Мындан улам биз бүгүнкү күндө туристтик сезонго даярдыктар кандай, жеке менчик эс алуучу жайларга кандай талаптар коюлат жана шарттар сакталбаса, аларды кандай айып күтөрүн билип көрдүк.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде катталган уулануудан кийин коомчулукта туристтик сезонго өлкө канчалык даяр деген суроолор айтыла баштады. “Айрыкча чет өлкөдөн келген спортчулардын ууланып калышы уят иш” дегендер да болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча тамактан уулангандардын саны 22ге жеткен. Анын ичинде жергиликтүүлөр менен кошо кикбоксинг боюнча Азия биринчилигине келген чет өлкөлүк спортчулар да болгон. Мындан улам туристтик сезондун жана көчмөндөр оюндарынын алдында санитардык текшерүүлөр кызуу жүрүп жатканын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында өткөн жылы тамак-аш даярдаган жерлерде санитардык көзөмөл сакталбаган учурлар да болгон.

—Болуп өткөн окуядан кийин, айрыкча туристтик сезондун алдында, жакында көчмөндөр оюндары болсо, ошого байланыштуу атайы тапшырма менен биз мекемелерди кыдырып, тапшырмалар берилип жатат. Учурда мен Ысык-Көл облусунда жүрөм. Санаторийлердин жетекчилерине тийиштүү талаптарды койдук. Буга чейин Бишкектен тартып Суусамырга чейинки жол боюндагы тамактануучу жайларды, аларга байланыштуу кызматтарды да текшердик.

Ал эми Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов уулануу фактысы имиджге таасирин тийгизгенин айтып, бул кырдаалдан пайдаланып жаткан атаандаштар да бар экенин айтат. Мындан улам туристтик сезондо кызмат көрсөткөн ар бир ишкер, мекеме атайы текшерүүдөн өтө турганын билдирди. Эгерде эскертүүдө айтылган кемчиликтер толукталбаса, аларды жабуу чечими чыгарын кошумчалады.

—Майдын башында паспорт берүү иштери башталган. Башкача айтканда туристтик сезондо кызмат көрсөтөм деген ар бир мекеме, жеке ишкер ар кайсы тараптан талапка жооп берип, ошого жараша паспорт алат. Ошондо гана ага уруксат берилет. Талаптын ичинде санитардык коопсуздук, өрт коопсуздугу, коомдук коопсуздук, куткаруучулук коопсуздугу бар. Эгерде талаптарды так аткарбаса, эскертүү берилет. Аны да аткарбаса жабылат.

Коомдук бирикмелердин байкоосуна ылайык, өлкөгө келген коноктордун көпчүлүгүнүн тамак-ашка карата даттануусу жокко эсе. Эң көп транспорт, дараткана боюнча арызданышат. Ошондуктан, тыкыр көзөмөлгө алынып турса тамак-аш коопсуздугу имиджге көп таасирин тийгизбейт деп ишенет “Кара-Кол дестинация” бирикмесинин аткаруучу директору Рахат Жамалова.

-Биз алган сурамжылоого таянып айта турган болсок, туристтер биздеги тамак-ашты жакшы көрүшөт. Тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу да даттанулар жокко эсе. Бирок аларды тынчсызданткан нерсе транспорт, шаар ичинде каттамдар,алдап койгондор, даараткана маселелери. Ошондуктан, ушул учурда санитардык абал тыкыр көзөмөлгө алса маселе жаралбайт деп ишенем.

Маалыматка ылайык, эгерде коомдук тамактануучу жайларда санитардык абал сакталбаса юридикалык жактарга биринчи жолкусуна 5 миңден 20 миң сомго чейин, эгерде экинчи жолку текшерүүдө да кемчиликтер толукталбаса 100 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...