Акыркы макалалар

Керим Турапов: музыка мектебимди тартып алганда баарына кол шилтеп кетип калдым

Керим Турапов: музыка мектебимди тартып алганда баарына кол шилтеп кетип калдым

Чанда бир жаралчу тенор үндүү опера ырчысы Керим Турапов тар чөйрө менен гана чектелип, дүйнөлүк аренага чыгышына эмне тоскоол болгон? Ал министрлик кызматынан бир нече ирет баш тарткан. Бирок депутат болууга даяр. Соңку убакта таланттарды тарбиялайм деген изги тилегин жулдуруп ийгенде баарына кол шилтеп кетип калган.

"Түндүгүнөн түтүн булатып,

Апам жапкан нанды сагынам.

Үйүр-үйүр жылкы айдаган,

Атам жүргөн жерди сагынам", — бул ыр саптарын укпаган кыргыз аз чыгар. Ушундай жүрөккө жеткен чыгармаларды аткарып элдин жүрөгүнөн орун алган КРдин Эл артисти Керим Турапов менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков маек курду.

— Жаңы эле эс тартканда сизди "Арноо концерттен" гана көрчүмүн. Ошондогу ырларыңыз күнү бүгүнкүгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет. Чыгармаларды эмнесине карап тандайсыз. Сөзү, обону кантип жаралат?

— Мен үчүн сөздүн мааниси эң башкы орунда. Кандай темадагы ыр болбосун, сөзү жүрөктүн кылын черте албаса канааттанбайм. Биринчи обон жаратып, андан соң сөзүн жазам дегендерге түшүнө бербейм. Менде эгер сөзү жүрөгүмө жетип, сезимдеримди козгой алса, анан жакшы обон пайда болот. Чыгармалардын көбү кайсы бир нерсенин таасири астында жаралып калат.

— Буга чейин берген маектериңизде ата-энеңиздин көзү өтүп кеткенден кийин Бишкекте окуп, каникулда кара жумуштарда иштеп айылыңызга көпкө барбай калып кусалыктын деминен "Туулган жерди сагынам" ыры жаралганын айткан жайыңыз бар. Бул ырды угуп ыйлагандар көп болгон дешет…

— Канткен менен туулуп өскөн айыл, жылаңайлак баскан жерлер жана үйдүн ар бир бурчу, каалганын туткасына чейин эсиңден кетпейт. Өзгөчө чет өлкөдө убактылуу жашап жүргөн боордошторубуз укса жашын тыя албай калышат экен. Бул ыр көптөн бери көкүрөктө жүрүп, ошондогу кырдаалга байланыштуу чыны менен айылды, ата-энемди сагынганда жаралган. Өтө деле аракет кылган эмесмин, өзүнөн-өзү жазылып калды. Кийин "Айылга кат" ырым чыкканда дагы ушинтип жашыгандарды көрүп жүрдүм. Бул — сагыныч, кусалык…

— Азыркы жаш ырчылардын сахнадан түшпөй жүрүшү үчүн кандай кеңеш берээр элеңиз?

— Кээде атабыздын алдынан кыя өтүшүбүз мүмкүн, бирок Болот Миңжылкыев, Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов өңдүү агайлар коридордун аркы башында келатса, каякка качарыбызды билбей калчубуз. Астынан өтүп саламдашуудан айбыгып тураар элек. Деңгээли бийик адамдарга сый-урмат көрсөтүп, кумир тутчубуз.

Азыркы жаштарда ошол сапат бир аз жогураактай. Бир-эки жеңил-желпи ыры менен сахнага чыкса "жылдыз болдуң" дегендерге ишенип алабы, билбейм, айрымдарынын берген интервьюсун уксаң тоону томкоруп койгондой сүйлөшөт.

Сахна жөнөкөйлүктү жакшы көрөт, баскан-турганың да орду менен болушу абзел. Анткени күйөрманың сенин кылыгыңды туурап чыгышы мүмкүн. Тынбай иштеп улам жаңы барактарды ача берүү керек. Чыгармачылыкка чек коюуга болбойт. Байкасаңыздар, убагында жылдызы жанып тургандар акырындап эле өчүп калбадыбы. Алар ушинтип бир жеринен жаңылды. Жаштарга доомат койгум келбейт, болгону жакшы болсун деп айттым.

— Ал эми өзүн пиар кылуу үчүн өзгөчө стилде чыккан ырчыларга көз карашыңыз кандай?

— Кимдер жөнүндө айтып жатканыңызды түшүндүм. Аларды чыдап көрүп тура албайм. Бери жактан карап эле көкүрөгүндө эмне бар экенин билем. Атың чыкпаса жер өрттө болуп жатышат. Балким алар 5-10 чыгарма менен чектелип же ага да жетпей өчүп калышы мүмкүн.

— Жогоруда Болот Миңжылкыев сыяктуу залкарларды айтып кеттиңиз. Керим Турапов эмнеге дүйнөлүк аренага чыкпай, Кыргызстандын рамкасында эле туруп алды? Анткени Керим Турапов бир эле жаралат да…

— Ары жагымдан план коюлган жок. Кусалыктан чыга албай койдум. Мага болуп көрбөгөндөй чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп Германияга, АКШга чакырышкан. Россиянын президенти Борис Ельцин "Керим, аткарган чыгармаларың мага чоң таасир этип, ырахат алып, абдан жакшы эс алдым. Сен бул жерде эле эмес, Москвага барып театрда иштешиң керек" дегенде макул болгом. Бирок кийин расмий чакыруу жибергенде баш тартып койдум.

Германиядагы продюссердик студия менен келишим түзүп баргам. Анда күнүмдүк концерттен пайыздык үлүш алмакмын. Беш-алты жолу концерт бердик, 26 күн араң чыдадым. Тыйын-тыпыры көзүмө көрүнбөй калды. Бир күнү мен ооруп жатканымды айтсам "макул, дарылайбыз" дешти. Анын бул жерде дарысы жок десем түшүнүштү да самолетко салып узатып ийишти.

Дээримде Кыргызстандын ичинде эле ырдоого чек коюлган. Бир жагынан караганда аткарган чыгармаларыма, дараметиме ишенбей өзүмдү төмөн сезгем. Бийиктикке чыга албай тырмышып жүргөн ырчы катары көрчүмүн. 60ка чукул көлөмдүү чыгарма жаздым. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү тенор үндүү алдыңкы ырчылар менен өзүмдү салыштырып көрсөм айырма жок экен. Мындай болорун убагында билген эмесмин. Негизи тартынчаактык, уяңдык адамга анча ийгилик алып келбейт экен. "Тартынбаган адамдар бактысынын жарымын таап алат" деген туура окшойт. Көп нерсени талап кылып, аткарган ырларыма эч эле ыраазы болбой жүрө бериптирмин. Эми гана көңүлүм толуп калды.

— Канткен менен бул искусство да. Жөнөкөй эле себеп менен чоң мүмкүнчүлүктөн жүз буруп кеткениңизге түшүнө албай турам. Жүйөлүү себеби барбы?

— Чет өлкөгө кетишиме эч ким тоскоол болгон жок. Үй-бүлөм азыркыга чейин "сен туура эмес кылгансың, тар чөйрөдө калып калдың, чыгармаларың дүйнөгө тараса болмок" дешет. Мен ушинтип чечкем, бул мүнөз экен… Бирок эч качан өкүнбөйм. Кайсы бир деңгээлде туура чечим кабыл алдым деп эсептейм. Азыр да кээде деңгээли жакшы чоң концерттерге чакыруу алып барып турам.

— Чыгармачылыктын туу чокусуна чыктым деп эсептейсизби?

— Жок, болгону жетишээрлик эмгектендим деп айта алам. Анткен менен учурунда токтотуп калуу да чеберчиликке жатат. Кудай өзү кечирсин, айта берейин эми, Марио Ланца түрдүү жанрдагы чыгармаларды абдан көп жазып дүйнөнү багындырып алган. Тилекке каршы, 38 жашында дүйнө салды. Эч ооруган эмес, сый-урматтын үстүндө гана жашады. Аз гана убакыттын ичинде алдыдагы 50 жашын көрүп койду окшойт. Энрико Карузо деген сахнада ырдап жатканда мурдунан кан кетип жан берген. Биздин Болот агайыбыз да 57 жашында дүйнө салып кетти. Мындай мисалдар толтура. Мен көп жулунбай, күчүмдүн, энергиямдын жетишенче ырдайм. "Тулпар тушунда, күлүк күнүндө" деп коёт.

— 1991-жылы "Эмгек сиңирген артист", андан төрт жыл өтүп "Эл артисти" наамын алгансыз. Ошондо кандай сезимдер пайда болду эле?

— Эң негизгиси чоң жоопкерчилик илинди. "Эмгек сиңирген артистти" радио-телевидениенин симфониялык оркестринде иштеп жүрүп жаш кезимде алдым. Мен биринчи наамды "аванс" катары көрүп, аны акташ үчүн иштешим керек деп жүргөм. 1995-жылы Манастын миң жылдыгында чоң-чоң концерттер өтүп, дүйнөлүк классикадан бир чыгарма ырдагам. Эл тура калып кол чапкан эле. Көрсө, ошондо жетекчилер көңүлгө алып коюшкан экен. Маараке бүткөндөн кийин "Эл артисти" наамын Эсенбүбү Нурманбетова экөөбүзгө беришти. Кийин ошондой өтө салмактуу, абройлуу болуп турган Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылды. Мунун баары мага күтүүсүз болду. Азыркыга чейин ошого татыктуу болуп жүрүм-турумум, сүйлөгөн сөзүм, элге жасаган мамилем дайым түз болушуна аракет кылам.

— Жогорку наам алгандарга кандайдыр бир артыкчылыктар барбы?

— 2000-жылдан тарта Эл артистке 100 пайыз, Эмгек сиңирген артистке 50 пайыз жана Улуттук макамы бар мекемеде иштегендердин айлыгына 100 пайыз үстөк акча берилип келген. Ошондо наамдардын кадыр-баркы көтөрүлүп, стимул болгон. Бирок 2011-жылы бир вице-премьер "ай тийбе, тим кой, кайра калыбына келтире албай каласың" десек болбой, бул артыкчылыктарды алып салган. Азыр эч кандай артыкчылык жок. Мамлекет улуу сыйлыкты татыктуу деп таап берген кишини өзү жакшы каржылап алышы керек эле да.

Мурда 100-200 артист чет өлкөгө Маданият күндөрүн өткөргөнү барганда сыналып, бөтөн жерде бөлөк угармандардын кол чапканына карап кимге кандай сыйлык берүү керектиги билинип калчу. Азыркы маданият күндөрүнө түшүнбөйсүң, жаңы келген министрлер өз билгенин жасайт. Ага жок дегенде бир ай даярдануу керек. Бизде жада калса даярданбай туруп, колунан келгенин ырдап, бийлеп келишет. Өлкө атынан баргандан кийин ал жакта Кыргызстандын бийик маданияты көрсөтүлүшү керек. Муну президент көзөмөлүнө алып бир өкүлдү жиберип, келгенде баа бериши керек.

— Мурда "Ак-Жол" партиясы менен парламентке барып, кайра мандаттан баш тартып койгонсуз. Азыр да саясатка кайра барайын деген оюңуз барбы?

— Маданияттын тагдыры менен кармашуу үчүн Жогорку Кеңешке бармакмын. Экөөбүз сүйлөшүп жаткан нерселерди жогорку трибунадан айтсак таасирдүү болоор эле. Топтогон тажрыйба өзүбүздө эле калып кетпей баарыбызга жете турган болсун. Азыр парламентте бир-эки депутат бар, дагы көбүрөөк болсо чыйпылыктап калып кетпей, сөзүң өтүмдүү болот. Илгери Дооронбек Садырбаев искусствонун көйгөйлөрүн козгой берсе "тиги артист дагы баштадыбы" деп калышчу. 2020-жылы кайсы бир партия менен аттанышым мүмкүн. Бирок башка кызматтарга сунуш түшкөндө кабыл алган эмесмин.

— Кайсы кызматка?

— Маданият министрлигине. Үч жолу сунуш түшкөн, бирок барбай койгом.

— Кезинде Улуттук филармонияны 500дөй кызматкери менен башкарып тургансыз да. Эмнеге министрликке баруудан чочуладыңыз?

— Мунун себеби башка болчу. Ал жерде иштеп кеткендерге адамгерчиликтүү болоюн дедим. Ордун тартып алды деген сөздөн оолак болгум келген. Анткени алар менин досторум, курдаштарым болчу.

— Эгер ыңгайы туура келсе барасызбы?

— Жок. Азыр да баш тартам.

— Себеп?..

— Азыр көп нерсени жоготуп алдык. 10-15 жылдын ичинде адамдын психологиясы бузулду, турган пайдубалдар урады. Азыр өтө катуу иштеш керек. Мисален мен филармонияны жетектегенде ал жакка бүтүндөй энергиямды жумшап, көптөгөн чакырууларды четке кактым. Ошол жерде такай отурган үчүн өзүм ойлогондой иштер жасалды. Мурда жаштарды окууга жөнөтүп дирижёр, опера жана балеттин режиссерлорун даярдайлы, азыркылар дүйнөгө түркүк боло албайт, бир күн орду бош калса эмне кылабыз дегем. Анын баары жасалбай турат. Мындай чанда кезиккен кесипкөйлөрдү даярдаш үчүн 5-10 жыл кетет. Мен барсам аларды жөнөткөнгө гана жетишем. Тажрыйба топтоп дасыккан адис болуусуна көп убакыт кетет. Ушул сыяктуу жагдайлар көп.

— Кырктын кырында турганда филармонияда 10 жыл жүрүү сизге канчалык маанилүү болду? Ушундай үн менен чыгармачылыктын бийик ашууларын ашып кетсеңиз болбойт беле?

— Туура суроо болду. Филармонияга ырдап, иштей турган маалда келдим. Президент Аскар Акаев чакырып "филармонияга келсек же свет өчөт же микрофону иштебейт, ичи кир, барганда дайым көңүлүбүз чөгүп кайтабыз. Барыштан да коркуп калдык. Сен чет өлкөлөрдү көрүп жүрөсүң, ушуну өзүң колго алып бер" дегенде дароо четке кагып корком дедим. Ага карабай "ойлонуп кел" деп жөнөттү. Ары ойлонуп, бери ойлонуп үч айдан кийин макулдугумду бердим. Бир чети барбаганымда дагы жакшы болмок экен. Чыгармачылык багыт боюнча бир топ нерселерди жоготуп койдум. Бирок ал жакта иштегениме өкүнбөйм.

— Өзүңүз айткандай эч ким дүйнөгө түркүк боло албайт. Жолуңузду улай турган шакирт тарбиялап жатасызбы?

— Консерваторияда 10 жылдай иштедим. Музыкалык мектеп ачайын деген ниетим ишке ашпай калды. Ал жерде бүт баары болмок. Жаш балдарды окутуп, чыгармачылык дараметин элге таратуу боюнча радио, телевидение, кино тартуу студиялары жана балдардын жатаканасы, ашканасы менен пландалган. Бүтүндөй аспаптарды саткан дүкөн ачылмак. Ошол мектеп курулуп бүтөр алдында алып коюшпадыбы. Азыр айта берсек болоор, мен өлкөнүн биринчи адамына жакпай калып ал "бербейсиңер" деген буйрук бериптир. Бул долбоорду чет өлкөдөн алып келгем, мамлекеттик деңгээлдеги чоң мектеп болмок. Ошентип автоматтык түрдө жерди сатып алган 11 миллион сом акчадан жок же мектептен жок отуруп калдым. Бирөөнүн эмгеги арам, буюрбайт баары бир. Аябай жийиркендим да, көздү жуумп Кудайга койдум дедим. Ошондон кийин баарын таштап консерваториядан да кетип, башка жакта иштеген жокмун. Жөн эле жүрөйүн дедим.

Убагында окуткан балдарым дүйнөлүк чоң сахналарда иштеп жүрүшөт. Ошол мектептен беш баланы чыгарып алганда, Кыргызстан үчүн Кумтөрдөн да бийик турган байлык болмок.

— Соңунда үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз. Канча неберенин жытын жыттап калдыңыз?

— Кызым Айтурган менин жолумду жолдоду. Аябай эмгекчил, пианинодо ойнойт, өзү арык кичине кыз болгонуна карабай чоң чыгармаларды аткарып жүрөт. Тырышчаактыгы мени тарткан. Ага ыраазымын. Уулум өзүнүн жеке иштери менен алек. Үч неберем бар, бир-эки күн жытын жыттабасам тура албайм. Аларга алаксып, негативдин баары эсиңден чыгып кетет. Жакында эле үй-бүлөбүз менен Анталияга барып 10 күн эс алып келдик.

.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...