Акыркы макалалар

Роза Отунбаева дүйнөнүн 100 таасирлүү инсанынын катарына кирди

Роза Отунбаева дүйнөнүн 100 таасирлүү инсанынын катарына кирди

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Apolitical сайтынын тизмеси боюнча гендердик саясат жүргүзүүдө дүйнөнүн эң таасирлүү 100 инсанынын катарына кирди.

Apolitical.co деп аталган сайт дүйнөнүн коомдук ишмерлеринин, лидерлеринин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирген түйүн катары кызмат кылат. Аталган тизмеге Роза Отунбаева менен кошо Канаданын премьер-минстри Жастин Трудо, Пакистандын активисти Малала Юсуфзай, БУУнун Аялдар программасынын аткаруучу директору Фумзиле Мламбо-Нгкука, Швециянын Тышкы иштер министри Маргот Уалстром жана башкалар кирген.

Буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон салымы жана саясий ишмердиги үчүн “Минерва-2015” эл аралык сыйлыгы берилген. Мындан сырткары Отунбаева 2012-жылы Евразия фондунун "Bill Maynes 2012" деген сыйлыгына татыган. 2011-жылы дүйнөнүн ар тарабынан тандалган тогуз аялдын катарында Роза Отунбаевага АКШ Мамдепартаменти уюштурган “Каарман аял” эл аралык сыйлыгы тапшырылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...