Акыркы макалалар

Талас районуна караштуу “Муз-Төр” жайлоосунда бала бакча ачылды

24-июнда Талас районунун Долон айыл аймагына караштуу “Муз Төр” жайлоосунда балдар бакчасы ачылды. Жаңы ачылган сезондук бала бакчага ошол жерде өз малын багып жүргөн малчылардын 30дан ашык 4 жаштан 10 жашка чейинки балдары тартылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Азият Жаркыналиева маалымдады.

Бул бала бакча “Роза Отунбаева” демилгеси фондусунун алдындагы “Өз күчү менен жайлоодо бала бакча уюштуруу” долбоорунун алкагында уюшулган. Бала бакчаны ачуу аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева, аталган долбоордун координатору Жибек Койчукулова жана райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Райкан Өзүбеков катышышты.

Ал эми “Бакай Банк” балдарга методикалык, тарбиялык сүрөт китептерин жана керектүү окуу жабдыктарын алып берген. Бөбөктөрдү окутуп-тарбиялоо үчүн атайын окуу курсунан өткөн башталгыч класстын 2 мугалими иштеп жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...