Акыркы макалалар

Ташкент-Ысык-Көл түз автобус каттамы жакынкы күндөрү иштей баштайт

Ташкент-Ысык-Көл түз автобус каттамы жакынкы күндөрү иштей баштайт

Өзбекстандын туристтик компаниялары Ташкенттен Ысык-Көлгө чейинки түз автобус каттамыy ишке киргизүү боюнча маселенин үстүндө иштөөдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Ал эки өлкө президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиеёвдин макулдашуусу менен Ташкент-Балыкчы поезди ишке киргендигин эске салды. Каттам март айынан баштап ар бир бейшемби күндөрү каттай баштаган. 4-июндан тарта кошумча Ташкент-Бишкек авиа рейси кошулган. Жакынкы убакта Ташкенттен Тамчыга чейинки аба каттамы калыбына келтирилет.

Анын айтымында, майдын башынан тарта Ташкент менен Бишкектин ортосунда автобус каттамы ачылган. Андан тышкары, Ош – Андижан, Ош – Фергана чек ара шаарлары ортосундагы автобус каттамын ачуу маселеси иштелип жатат.

“Туристтик компаниялар Ташкенттен Ысык-Көлгөн чейин түз автобус каттамын ачуунун үстүндө иштеп жатышат. Бул Өзбекстанга жана Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет”, - деп билдирди элчи.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...