Акыркы макалалар

Акыйкатчыны кызматтан бошотуу чечимин кароо күзгүгө калтырылды

Жогорку Кеңеште парламенттин 16-апрелдеги жыйынында угулган Акыйкатчынын «2013-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» ар жылдык баяндамасынын жыйынтыгы боюнча КСДП, «Ата Мекен», «Ар-Намыс» фракцияларынын сунуштары каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко КСДП, «Ата Мекен» фракциялары «КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 125-беренесине ылайык КР Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алгандыгын билдирген. Ал эми «Ар-Намыс» фракциясы КР Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууга негиз бар экендигине корутунду берүү үчүн атайын комиссия түзүү сунушун берген.

Ошону менен бирге, баяндамачы тармактык комитеттин мүчөлөрүнүн добушу бөлүнүп кеткендиктен, эки сунушту тең Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө депутат Курманбек Дыйканбаев «Республика» фракциясы Акыйкатчынын ишин текшерүү боюнча азыр атайын комиссия түзүп, анын жыйынтыгын күзүндөө кароо чечимине келгенин билдирди.

Добуш берүү жыйынтыгында бул маселени күзүндө кароо чечими кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...