Акыркы макалалар

Учурда аскерге чакыруу курагындагы жаштардын 92 пайызы дене тарбия боюнча нормативдик талаптарды аткара албайт

Учурда аскерге чакыруу курагындагы жаштардын 92 пайызы дене тарбия боюнча нормативдик талаптарды аткара албайт. Бул тууралуу басма сөз жыйында КРнын өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана мамлекеттик спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучуларына дене тарбия боюнча жетишээрлик көңүл бурулбай калгандыктан учурда ар кандай маселелер жаралууда.

“Окуучулардын жана студенттердин дене тарбиясын күчөткөндө биз ден соолуктуу жарандарга күбө болобуз. Ошондуктан нормативдик негиздерди кылдаттык менен иштеп чыктык. Физикалык даярдыктын нормативдик негиздери жүргүзүлгөн тажрыйбалардын жана союз маалында колдонулуп келген программалардын негизинде даярдалды. Мектеп жашындагы балдардын жана студенттердин физикалык даярдыгына талаптар иштелип чыкты. Ал физикалык чыңалууну сунуштайт. Ошондой эле, дене тарбия жана спорт жөнүндө билимди талап кылат”,-дейт К.Эргешов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...