Акыркы макалалар

Айдоочудан пара талап кылууга шектелген кызматкер жумушунан четтетилди

Ысык- Көл облусуна караштуу Түп айылында айдоочудан пара талап кылганга шектелип жаткан Жол-кайгуул кызматынын инспектору Жыргалбек Саманов убактылуу кызматтан четтетилген. Бул тууралуу Республикалык жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган жол-кайгуул кызматкеринин пара талап кылуусу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу ал убактылуу кызматынан четтетилген.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-июлда Түп районундагы ОшМУнун студенттери менен келе жаткан айдоочудан жол-кайгуул кызматкеринин пара талап кылуусу боюнча кызматтык иликтөө башталып, Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Бишкекке чакырылып, ал бүгүн келгенде анын күбөлүгү жана төш белгиси алынган.

Ал эми Жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Темиркан Керимбаев эки тараптуу мыйзам бузуу катталганын айтып, иликтөөнүн жыйынтыгында пара талап кылган инспектордун күнөөсү далилденсе, жоопко тартыларын билдирген. Ошондой эле айдоочунун мас абалында болгону текшерүүдөн кийин аныкталганын айтып, медициналык текшерүү дайындалган.

Эске сала кетсек, 6-июлда Ысык-Көл облусунда жол-кайгуул кызматкерине 10 миң сом пара бербеген айдоочу камакка алынганы тууралуу маалымат тараган. Түп районунун жол-кайгуул кызматкери тосуп, маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди спирт ичимдигин ичкен деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын атайын токтотуучу жайга токтотуп койгон.

Гүлкаир Раимкулова

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...