Акыркы макалалар

Жалал-Абад облсунда мал уурдагандардын саны кескин өсүүдө

Жалал-Абад облусунун аймагында экономикалык багыттагы 29 кылмыш ишинин фактысы аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 33 миллион 234 миң676 сомду түзгөн. Бул бонча Жалал-Абад ОИИБде 6 айдын жыйынтыгын чыгарган оперативдүү кеңешмеде айтылды.

КР өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, кайтарылган чыгым 361 миң 400 сомду түзүү менен болгону 13,1 пайызга аткарылган. Акыркы кездери мал уурулуктун саны кескин өсүүдө. Алты айдын аралыгында облус боюнча 186 мал уурулук фактысы катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 19га көбөйгөн. Келтирилген зыяндын өлчөмү 9 миллион 327 миң сомду түзгөн.

“Мал уурдоочулук кылмыштарынын бетин ачууда Ала-Бука, Аксы жана Базар-Коргон райондорунун өздүк курамдарынын кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин өтө солгундугу белгиленди. Кеңешменин жүрүшүндө жеткиликтүү деңгээлде иш алып барбаган шаарлар менен райондордун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын абалды оңдоо боюнча мөөнөт берилди”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

Оперативдүү кеңешмеде сөз сүйлөгөн өкмөттүн областагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков мал уурдагандар кармалганда, келтирилген зыяндын орду толтурулганда гана элдин милицияга болгон ишеними артаарын баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...