Акыркы макалалар

Каракол шаарында тоо туризминин жаӊы түрү - мототуризм спорту ачылды

Каракол шаарында тоо туризминин жаӊы түрү - мототуризм спорту ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Каракол шаарынын тургуну Вадим Казанцев өзүнүн италиялык өнөктөштөрү менен бирдикте тоо туризминин жаӊы түрү болгон мото туризм спортун ачты. Тоо туризмине ылайыкташкан жапон үлгүсүндөгү мотоциклдерди сатып алышып, жакындан бери ишин башташты.

Алар ар кайсы өлкөлөрдөн келишкен экстремалдык туризмди сүйүчүлөргө мотоциклдерди ижарага беришип ишкерчилик жүргүзүшөт.

«Албетте бардык эле каалочулар тоодо мотоцикл тепсем деген кыялын ишке ашыруусу кыйын, анткени мындай эс алуунун ижара баасы кымбат. Бирок, кыйынчылыктарга карабастан биз өнүккөн өлкөлөргө атаандаша турган туризм спортун күчөтүүбүз керек», - дешет ишкерлер.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...