Акыркы макалалар

69 жаштагы айым короосунда 900 түп кара куурай өстүргөнү аныкталды

Чүй облусунунун аймагында 69 жаштагы айымдын кара куурай өстүрүп жатканы аныкталган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизатын жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын жана Чүй РИИБинин биргелишкен иш-аракеттеринин негизинде Жаңы-Турмуш айылынын тургуну короосунда кара куурай өстүрүп жатканы аныкталган. Аталган айылда жашаган 69 жаштагы айым короосуна 900 түп кара куурай эгип, өстүрүп жүргөндүгү белгилүү болгон.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...