Акыркы макалалар

Нарын району боюнча өнүгүүнүн жол картасына кирген долбоорлор аткарыла баштады

Нарын району боюнча өнүгүүнүн жол картасына кирген долбоорлор аткарыла баштады

Бул тууралуу маалыматты Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Түгөлбай Жанбоев билдирди. Маалыматка ылайык Нарын району боюнча 4 жылдык өнүгүү жол катрасына 391 долбоорду аткаруу киргизилген. Анын жалпы наркы 1 млрд. 198 млн сом турат.

“Үстүбүздөгү жылда бул сумманын 172 млн сомдук долбоорун ишке ашурууну пландап жатабыз. Алсак, билим берүү тармагына жалпы 55 долбоор кирсе быйылкы жылга 43 миң 859 сомдук жумуш аткарылып жатат. Алар Алыш айылындагы 120 орунду мектеп, Орток, Кеңеш айылдарындагы бала бакчалардын курулушу"- дейт аким.

Ал эми маданият жана спорт тармагы боюнча быйылкы жылы 35 млн 125 сомдук иштер аткарылмакчы. Учурда райондун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн курулушу башталган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...