Акыркы макалалар

«ZАМАN Кыргызстан». Кырсыкка тиешеси бар кызматкерлер кармалды

«ZАМАN Кыргызстан». Кырсыкка тиешеси бар кызматкерлер кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы адам ѳлүмүнѳ алып келген коомдук ажатканадагы кырсык боюнча Ош облустук мамлекеттик архитектура жана курулуш кѳзѳмѳл башкармалыгынын мурдагы кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Кара-Суу районунун прокурору Ганышер Маданбеков билдиргендей, С.А аттуу кармалган кызматкер учурда райондогу убактылуу кармоочу жайга камалган. Ошондой эле ажаткана ээси Муса Апышевге шалаакылык, курулуш иштеринин коопсуздук эрежелерин бузуу жана өзүн-өзү билемдик айыптары боюнча кылмыш иши козголду. Ал суракка

чакырылып, бирок коюлган айыптарды четке кагууда. Ажаткананы курууда архитектура жана курулуш мыйзамдары сакталган эмес. Текшерүү учурунда мамлекеттик экспертизанын бүтүмү жок болуп чыкты. Аны курууга тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат да берилген эмес. Бирок 2006-жылы Кара-Суу районунун имараттарды жана курулуштарды пайдаланууга берүү боюнча мамлекеттик комиссиясы ажаткананы колдонууга берүүгө уруксат берген, кийин район акими өз токтому менен бул чечимди бекиткен.

Белгилей кетсек, 3-ноябрь күнү Кара-Суу районундагы коомдук ажаткананын түбү түшүп кетип, мунун кесепетинен тѳрт киши каза таап, 15 киши жабыркаган.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, ОШ

Таласка премьер-министрдин келиши күтүлүүдө

16 -17-ноябрда КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин келиши күтүлүүдө. «Премьер-министр бул иш сапарында «Жерүй» алтын кенинин бүгүнкү күндөгү абалы менен жеринен кабар алат. Ошондой эле «Суусамыр-Талас-Тараз» жолу, «Маймак» станциясынын абалы менен таанышып, Манас районундагы чек арага жакын жайгашкан «Айша-Биби Чоң-Капка» базарын көрмөкчү. Иш-сапарда эл менен жолугушуп көйгөйлөрүн угуу, жеке адамдар менен да жолугушуу пландаштырылган»,- деди КРнын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев.

Премьер-министр шаардын көйгөйлөрүнүн бири болгон бала бакча маселесине ылайыкташкан имарат менен да таанышып, салтка ылайык болгондой «Манас ордо» комплексине барып зыярат кылат.

ЖЕҢИШГҮЛ ТОГОЛОКОВА, ТАЛАС

25 миң сомго баңги затын сатып жаткан атуул кармалды

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан борбордук автобекеттин жанында үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Токтогул районунун 33 жаштагы М.А. 25 даана ширеңкенин кутучасына салынган болжол менен 500 гр. “гашиш” баңги затын 25 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Аида Зулпукарованын берген маалыматына караганда, 2012-жылдын 12-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Токтогул районунун 46 жаштагы тургуну М.Э. шектүү катары кармап, өздүк тинтүү жүргүзгөндө кийип жүргөн шымынын оң чөнтөгүнөн болжол менен 10 гр. “гашиш” баңги затына окшош өзгөчө жыты бар зат табылган. “Азыркы убакта гашиш менен кармалган токтогулдук жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - дейт А.Зулпукарова.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

Нарын району эки жолу «Баш байге» утуп алды

Нарын дубанында райондор арасында өткөрүлүп жаткан «Түшүм майрам» салтанатты Нарын району Эмгекчил айыл аймагында орун алган «Кур-Терек» ат майданында белгиледи. Мында келген дыйкан-фермерлерди, темир тулпар ээлерин, айыл өкмөт башчыларды район акими Түгөлбай Жанбоев куттуктады. «Быйылкы жыл чоң сыноолорду жаратты. Жаз кеч келди. Тоют баасы кымбаттады. Бирок элибиз өздөрү каатчылыктан чыга алышты. Натыйжада, биздин райондо дан эгиндин жана тоюттун дүң түшүмү өткөн жылдагыдай жыйналды. Ал эми райондогу Учкун айылындагы орто мектеп республикадагы мектептер арасында жеңүүчү деп табылып, баш байге 75 миң сом менен сыйланды. Облустук алкакта өткөрүлгөн «Мыкты айыл өкмөтү» сынагында Дөбөлү айыл аймагы эң мыкты деп бааланып, баш байге «Хондо-Одиссей» унаасын утуп алды»,-деди Т.Жанбоев мырза. Салтанат шааниде бир катар эмгек адамдары облустук өкүлчүлүктүн, райондук акимчиликтин Ардак грамоталары, баалуу сыйлыктары менен сыйланышты. Жалпы байге кору 120 миң сомду түзүп, негизги демөөрчүлөр катары «Кыргызалтын», «Кербен» коому, жеке ишкерлер Н.Акымбаев, Ж.Ырыскелдиевдер аталды.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

Жеке ишкер ѳз каражатынын эсебинен айылдаштарына тѳрѳт үйүн тартуу кылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, жеке ишкер Бейше Намашамов ѳз каржысынын эсебинен тѳрѳт үйүн бүткѳрүп, бардык керектелүүчү медициналык жабуулары менен мамлекеттин балансына ѳткѳрүп берди. Мындан эки жыл мурда курула баштаган имарат заманбап технологиялар менен жабдылган. Төрөт үйүнө ишкердин атасы Жуманазар Намашамовдун наамы ыйгарылды. Кара-Кулжа районунун Сай айылында буга чейин тѳрѳт үйү болбогондуктан, жергиликтүү эл район борборуна барууга аргасыз болуп, бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушчу. Бир топ жыл акушердик кызматта иштеп келген Сай айылынын тургуну Салтанат Чөкөшева жаңы ачылган тѳрѳт үйүнүн зарылдыгы тууралуу буларга токтолду. «Буга чейин жолдун алыстыгынан улам үйүндѳ кѳз жарган айымдарга жардам берчүмүн. Далай жолу жолдогу карды тазалап, ооруканага араң жеткен учурлар кѳп болгон. Ушул тѳрѳт үйүнүн ачылышы бир гана медицина кызматкерлерин эмес, бардык айыл тургундарын кубандырып жатат»,-деди Салтанат Чөкөшева. Мындай саамалыктын жүз берип жатышы айыл тургундары үчүн чоң белек

болду. Анткени райондо жеке ишкерлер мамлекетке ушинтип медициналык болбосо да, жөнөкөй имарат куруп да тапшырган эмес дешет. Ылай-Талаа айылдык округунун башчысы Каныбек Батыров ишкерге ыраазычылыгын минтип түшүндүрдү. «Ишкерлер буга чейин ѳз айылына мечит, спорт комплекстерин куруп бергендерин угуп жүрчүбүз. Бирок, айыл эли үчүн зарыл болгон тѳрѳт үйүн тартуулоо биздин айыл үчүн чоң белек болду»,-дейт Каныбек Батыров. Жеке ишкер Бейше Намашамов бул төрөт үйүн мамлекетке өткөрүп берип жатып, «Мисалы, бул айылда ветеринардык дарыгерлер жетиштүү. Бирок адам саламаттыгына кам кѳрѳ турган медицина тармагына жакшы кѳңүл бурулбай калбадыбы. Менин максатым да энелерге кам кѳрүү. Ушул тѳрѳт үйүн бардык жабдуулары менен мамлекеттин балансына ѳткѳрүп бергени турам»,-деди. Жеке ишкердин демилгеси менен пайдаланууга берилген төрөт үйүн эми мамлекет кандай иштетип кетет, суроо ушул жерде жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Валентина Акимова бул маселени министрликке айтып, штаттык бирдигин, аларга айлык акыны караштыраарын билдирди. «Ишкердин бул белегинен биздин да кабарыбыз бар. Ал эми ал жерде иштей турган медицина кызматкерлерин кызматка алуу, айлык акы тѳлѳѳ маселеси быйылкы жылдын бюджетине кирген эмес. Буюрса муну министрликке билдирип, келерки жылдан баштап чечип беребиз»,-деди Валентина Акимова. Ишкерлер медициналык мекеме салып, мамлекетке белек кылган көрүнүш биринчи жолку эмес. Буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунда дагы жеке ишкер өз каражатына төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берүүгө белсенген. Бирок мамлекет кабыл албай, курулган төрөт үйү жабылып калган эле.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, ОШ

Дубан жетекчисинин 5 миң долларлык колдоосу

Апта башында Нарын шаарындагы С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген спорт мектепке кошумча машыктыруучу жайдын ачылыш шааниси болуп өттү. Анын аземине райондордун акимдери, акимдердин орун басарлары, облустук мекемелердин жетекчилери, шаар бийлигинин өкүлдөрү катышты. Мектептин жетекчиси Сүйүнбек Бекмамбетовдун айтымында ушул жайдын курулушу 2009-жылы эле башталган. Республикалык түрткү берүүчү гранттан жалпысы 1 миллион 272 миң сом бөлүнүп, курулуш иши 2011-жылы аяктаган. «Курулушту «ЧП Нурдинов» аттуу фирма куруп бүтүргөн. Бирок бир жылдан бери ошол бойдон эле бош турган. Акыры губернатор Канатбек Муратбеков машыгууга керектүү жабдыктарды алып бергенден кийин, ачылышы мына бүгүн болуп жатат»,-дейт С.Бекмамбетов мырза. «Эң башкы максат ушул машыктыруучу жай мындан ары токтоп калбасын. Ушундай жайлар эми ар бир райондо болушу керек. Мен үй-бүлөмдүн атынан жеке каражатыбызга жалпысы 5 миң долларга толук өлчөмдө машыгуучу шаймандарды балдар үчүн алып келип бердим. Жакында хоккей аянты үчүн атайын типтүү борттор алынып келди. Лыжа тебүүчү канаттык бугулдук жол оңдоодон өткөрүлөт. Ошондуктан сиздер эми мыкты спортчуларды даярдап чыгаргандай болгула»,-деп кайрылды спорт кызматкерлерге өкүл Канатбек Муратбеков мырза.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

Жумгалдагы турнир Байзак баатырга арналды

Бул тууралуу Жумгал районундагы «Дордо Байзак» балдар жана уландар спорт мектебинин директору Качыбек Жээнкадыров кабарлады. Эркин күрөш боюнча аталган республикалык турнир V жолу өткөрүлүп жаткандыгын маалымдаган К.Жээнчороев мырза мелдешке Нарын, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынан, Бишкек, Кант, Таш-Көмүр шаарларынан жалпысы 300гө жакын 1998-2000-жылдары туулган уландар жана кыздар катышкандыгын белгиледи. «Эң кубанычтуу жагдай турнирге СССРдин спорт чебери, СССРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев да катышты. Жалпы байге куржуну 162 миң сомду түздү. Мындан Жумгал район акими Адылгазы Ысагулов 16 миң, «Шарбон» көмүр ишканасы 30 миң, «Кара-Кече» ишканасы 10 миң, Байзак айыл өкмөтү 10 миң жана көптөгөн жеке демөөрчүлөр салым кошту. Ал эми мелдешке катышууга келген улан-кыздарды бизде машыккан балдардын ата-энелери үйлөрүнө жаткырып, тамак-ашын берип турду»,-дейт К.Жээнчороев мырза.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...