Акыркы макалалар

Ж.Оторбаев Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу боюнча: Абал тынчтанганда Протоколду аткарууга киришебиз

Эң маанилүүсү, Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде расмий Протоколго кол коюлган, деди КРнын премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн, 23-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында журналисттердин Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаажолунун курулуш абалы тууралуу суроолоруна жооп берип жатып.

«Тилекке каршы, Протоколго, чыңалууну түзө турган чек арадагы окуялар болгон учурда кол коюлду. Протоколдун негизинде иш аракеттер болот. Биз тажик тарап менен дайыма диалогдобуз», - деди ал.

Ал түшүндүргөндөй, курулуштун кармалып турушу ошол жердеги коомчулуктун козголуусу менен байланыштуу.

«Абал турукташканда биз Протоколду аткарууга киришебиз», - деп билдирди Ж.Оторбаев.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...