Акыркы макалалар

ЖК депутаттары 2012-жылдын 3-августуна чейин өз алдынча тургузулган жеке турак үйлөрдүн жер тилкелерин мыйзамдаштырууну демилгел

«2012-жылдын 3-августуна чейин өз алдынча тургузулган жеке турак үйлөрдүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат. Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Асия Сасыкбаева, Бактыбек Калмаматов, Жоомарт Сапарбаев демилгелөөдө.

Негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөндөй, Бишкек мэриясы тарабынан жүргүзүлгөн жер тилкелерин инвентаризациялоонун (каттоо) жүрүшүндө 47 жаңы конуштагы жеке турак үйлөр курулган 6 миң 382 жер тилкелери аныкталды, алардын 3 миң 589у мыйзамдаштырууга жатат.

«Жер тилкесине укук берүүчү тийиштүү документтери жок болгондуктан өз алдынча куруп алышкан үйлөрдө жашаган жарандар өз убагында ишке орношо албай, шаардык коомдук-саясий иш-чараларга катыша алышпай жана тийиштүү болгон медициналык жардамдарга жетпей келишет. Ушундай эле абал Ош шаарында да орун алган», - деп айтылат маалымкатта.

«Кесепеттери митингдерге алып келген курч социалдык чыңалууга жана мынчалык көп көлөмдөгү өз алдынча курулган үйлөрдү түрттүрүп салуу мүмкүн болбогондугуна» байланыштуу, эл өкүлдөрү 2012-жылдын 3-августуна чейин өз алдынча тургузулган жеке турак үйлөр салынган жер тилкелерин мыйзамдаштырууну сунушташууда.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...