Акыркы макалалар

Өкмөт башчы Маммүлктүн милдетин жана уюштуруу-укуктук түзүмүн карап чыгууну тапшырды

Өкмөт башчы Маммүлктүн милдетин жана уюштуруу-укуктук түзүмүн карап чыгууну тапшырды

Кечээ, 1-августта премьер-министр Жоомарт Оторбаев мамлекеттик менчикти башкарууну реформалоо боюнча жумушчу жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду кайра түзүү тууралуу ойлонуу керектигин билдирди.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 20 жылдык ишмердүүлүгүндө эмнеге айланды? Бул классикалык министрлик сыяктуу эле мамлекеттик орган, болгону рангы боюнча төмөн турат жана башкаруу түзүмү натыйжасыз», - деген Ж.Оторбаев, Маммүлк фонду ачык эмес орган катары саналарын жана аны кайра түзүү тууралуу ойлонуу керектигин белгиледи.

«Бүгүн аталган фонддун колунда жада калса мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү тизими жок. Канча киреше, чыгаша болуп жаткандыгы жана мамкомпаниялардын капитал боюнча кайтарымдуулугу боюнча маалыматтар белгисиз. Концепцияга милдеттүү түрдө ички жана тышкы аудит маселесин киргизүү керек, бул туурасында бүгүн эч кандай жак кеп кылган жери жок», - деп белгиледи премьер-министр.

«Биз саясатты Экономика министрлигине тапшырганбыз, бирок Экономика министрлиги Фонд менен иштешпейт. Ал бул милдетин унутуп, иш жүзүндө бир дагы сунуш келтирген эмес», - деп кошумчалады ал.

Өкмөт башчы мыкты эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен ведомствонун иштөө сапатын жогорулатуу максатында жана Фонддун милдетин жана уюштуруу-укуктук түзүмүн карап чыгууну сунуштады.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...